Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Хорватия Шенген аймагына кошулуп, еврону колдоно баштады


Хорватиянын желеги.
Хорватиянын желеги.

1-январдан тарта Хорватия Шенген аймагына кошулуп, улуттук валютасы кунанын ордуна Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы болгон еврону колдоно баштады.

10 жыл мурда Европа Биримдигине мүчө болгон Хорватия еврону колдонууга өткөн уюмдун 20-мүчөсү болуп калды. Планга ылайык, Хорватия 14-январга чейин еврого толук өтүшү керек. Ага чейин хорваттар кунаны да колдоно алышат.

Жекшембиде Хорватиядагы банкоматтардын жарымынан көбү өчүрүлдү. Эми аларга жаңы банкноттор жүктөлөт.

Жарандардын эркин каттамына мүмкүнчүлүк берген Шенген зонасына кошулганы үчүн Хорватиянын чек арасында паспортторду текшерүү токтоду. Бирок учак менен каттагандар өзгөрүүнү 26-мартта гана байкай алышат.

Еврого өтүү расмий Загребге акча алмаштыруу курсун турукташтыруу жана инфляцияны төмөндөтүү сыяктуу бир катар экономикалык шарттарды аткаруу талабы коюлган болчу. Хорватиянын Шенген аймагына кошулушу өлкөнүн ички дүң жыйымынын 20 пайызын түзгөн туризм тармагынын дагы өнүгүшүнө жол ачат деп күтүлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG