Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Жаңы жыл түнү орус армиясы Киевге дрондор менен сокку урду


Киевдеги чабуулдардын кесепети, 1-январь 2023-жыл.
Киевдеги чабуулдардын кесепети, 1-январь 2023-жыл.

31-декабрдан 1-январга караган түнү Украинанын баш калаасы Киев кайрадан Орусиянын армиясынын аба чабуулдарына кабылды.

Украинанын аба күчтөрү орус тарап учурган 45 ирандык "жанкечти" дронун атып түшүргөнүн билдирди. Бул дрондордун 32си түн жарымынан кийин учурулган.

Андан тышкары Украинанын ар кыл аймактарын Орусиянын 20га чукул ракетасы бутага алганы кабарланды. Украин армиясы алардын көпчүлүгүн атып түшүргөнүн маалымдады.

Жаңы жыл түнү Украинанын көпчүлүк аймактарында сиренанын добушу угулуп турду. Киевде мындай эскертүүлөр төрт сааттан ашык убакытка созулду.

Аба соккуларынын алдында Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылдык куттуктоосунда Кремл Украинадагы дээрлик 11 айга аяк баскан согушун уланта турганын айткан.

Украин лидери Владимир Зеленский түнкү чабуулдар башталгандан кийин Путинди майрам убагында аба соккуларын улантканы үчүн сындап, дүйнө жана Украина муну унутпай турганын билдирди. Ал жаңы жылдык куттуктоосунда украиналыктарга бир гана нерсени - жеңишти каалай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG