Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Жетигенов Ош мэриясында кландык башкаруу бар экенин айтты


Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов. Архивдик сүрөт.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэрияга караштуу кызматтарды ар кандай кландар башкарган система бар экенин айтып чыкты. Жетигенов "Ынтымак" телеканалына курган маегинде кадр саясаты жөнүндө суроолорго жооп берип жатып, кландар башкарган системаны жоюуга аракет кыларын билдирди.

“Мэриянын кызматтарында биринчи вице-мэрден баштап, ар бир жетекчинин артында кландар бар экен. Жети-сегиз клан бар. Бирөөнө тийсең ызылдап чыгат. Андай деген болбойт. Татыктуу иштесин. Мен Оштогу кландарды жое албайм, бирок мэриядагы системаны жок кылууга аракет кылам”, - деген Жетигенов ал топтор жөнүндө кандайдыр бир фамилияны атаган жок.

Ал Ош шаарынын мэри болуп 29-ноябрда дайындалган. 56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон.

2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалып, ошол эле жылдын 23-декабрында бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG