Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

Украина менен Орусия туткундарды алмашты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эки өлкө 31-декабрда туткундарды алмашты. Орусиянын Коргоо министрлиги 82 аскер кайтарылганын, алар Москвага дарыланууга жана реабилитацияга жеткирилерин билдирди.

Украина президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак туткундан 140 киши (8 аял) куткарылганын маалымдады. Алардын арасында Мариуполду, Змеиный аралын коргоочулар, Славутичтеги ыктыярчылар жана Бахмуттагы аскерлер бар.

Буга чейин украиналык аскерлердин укугу боюнча өкүл Алёна Вербицкая германиялык RND басылмасына Орусиянын туткунунда 3400дөй украин аскери кармалып турганын маалымдаган. Вербицкаянын айтымында, туткундар тууралуу маалыматты Орусия берген. 15 миңдей адам дайынсыз, анын ичинде жай тургундар да бар.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин март айынан бери эки тарап бири-бири менен туткундарды алмашып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG