Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

Украинада тик учак кырсыгынан каза болгондор жерге берилди


Маркумдар менен коштошуу учуру.
Маркумдар менен коштошуу учуру.

18-январда Киев облусундагы Бровары шаарындагы тик учак кырсыгынан көз жумган Украинанын ички иштер министри Денис Монастрыский баштаган 13 киши 21-январда акыркы сапарга узады. Алар менен коштошууга президент Владимир Зеленский жубайы менен барды.

“Биз эбегейсиз чоң жоготууга учурадык”, - деп жазган Зеленский тажиядан мурда Телеграм каналына. Ал маркумдарындан жакындарына көңүл айтты.

“Жакындарына терең кайгырып көңүл айтам, бул жоготуу тууралуу ойлонуу да, сөз сүйлөө да мен үчүн оор. Күнүгө адамдарыбыздан айрылып жатабыз. Аларды эч качан унутпайбыз, тилекке каршы кайра тирилте да албайбыз”, - деди Зеленский.

18-январда эртең менен болгон кырсыкта тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыккан, 17 киши каза болгон, алардын төртөө балдар. Ооруканага түшкөн 22 кишинин 10у жеткинчектер.

Киев облусунун Бровары шаарында кулаган тик учакта Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын орунбасары Евгений Енин, статс-катчы Юрий Лубкович, жалпысынан тогуз киши бараткан. Алардын баары каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG