Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

"Бизди көчүрүп кеткиле". Ооган кыргыздарынын суранычы


Видео кайрылуу жасаган Ооганстандагы кыргыздар.

Ооганстандагы бир нече этникалык кыргыз документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу аларды Кыргызстанга тез арада алып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошту.

Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда токсондой этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат.

"Азаттык" радиосуна Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Ишкашим районунда паспорт ала албай кыйналып жаткан бир нече этникалык кыргыз кайрылды. Алар жай айында паспорт алгандан кийин Улуу Памирдеги мал-мүлкүн сатып, Кыргызстанга кетүү үчүн Ишкашимге көчүшкөн экен.

Өзүн Мухаммед Абдулжапар уулу деп тааныштырган адам видео кайрылуусунда ижара акысын төлөй албай кыйналып жатканын, катуу сууктан улам үч кызынын бирөө чарчап калганын айтты:

"Мал-мүлкүбүздү, оокат-жайыбызды сатып келгенбиз. Кайра Памирге барып жашай албайбыз. Биз эми ушул жакта тууган-уругубуз, кыргыздар бизди эстеп алар деп күтүп жатабыз. Бул менин аялым болот, анын жанындагы кичине кызым. Дагы бир кызым жакында эле сууктан чарчап калды бечара. Тууган-уругубуз издеп, алып кетер деген үмүттө жашап жатабыз".


Ишкашим району Ооганстандын түндүк-чыгышында жайгашкан. Ал Бадахшан провинциясына карайт жана Тажикстан менен чектеш.

Ишкашимде кыйналып жаткан этникалык кыргыздардын маселеси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова да маселе көтөргөн.

Ал Памирдеги кыргыздар документ ала албай жатканынан кабардар экенин, аларга жардам берүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылганын айтты. Эл өкүлүнүн билдиришинче, Ооганстанда паспорттун бланктары жок деген негизде документ берилбей жатат.

"Паспорт ала албай, бул жакка келе албай жаткан Файзабадда (курамына Ишкашим району кирген административдик провинция) 88 адам бар экен. Бул бир туугандарыбыздан бизге билдирүү келгенде эле Жогорку Кеңеште өкмөттүн тиешелүү тармактарына тапшырма бергенбиз. Алардын дээрлик баары паспорт ала албай убактылуу батирде жашап жатышат. Тумоолоп, кыйналып жатышканынан улам каражат маселесин көтөргөнбүз. Азыр эми өкмөттүн кадамдары кандай болорун күтүп жатабыз".


Тышкы иштер министрлиги Ишкашимдеги кыргыздардын абалы боюнча комментарий бере элек.

Кыйнаган тумоо, окууга бара албаган кыздар

Дагы бир этникалык кыргыз Мажырайым Абдулжалил уулу учурда Бадахшан провинциясынын борбору Файзабад шаарында жашап жатат. Улуу Памирден көчүп барган Мажырайымдын үч баласы талибдер бийликке келе электе мектепте окучу.

Азыр талибдердин кыздардын окуусун тыйган чечиминен кийин кызы үйдөн чыга албай калганын айтып, Кыргызстанга көчүрүп кетүүнү суранды.

Мажырайым Абдулжалил уулу
Мажырайым Абдулжалил уулу

"Талибдер кыздардын мектептерин бүт жаап коюшту. Менин бир кызым бар, 6-класста окучу, азыр мектепке барбай калды. Эки уулумдун бирөө 11-класс, экинчиси 5-класста, билим ала албай кыйналып жатышат. Балдардын мектептери ачылбай турат. Балдарым окубай калса кыямат күнү менин сурагым оор болот. Ошон үчүн мен өз каалоом менен Кыргызстанга кетким келетм. Кызым билим алсын, бизди алып кеткиле, менин балдарым - силердин да балдар. Ушинтип балдарым окубай мен дүйнөдөн өтүп кетсем, силер да сыздайсыңар. Мына ушул үй өзүмдүкү, кудайга шүгүр жегенге наным бар, ошентсе да элим менен чогуу болгум келет".

Ооганстанда 2021-жылдын жайында бийликке келген талибдер аялдардын укуктарын тебелеп жатканы үчүн сынга кабылган. Алар кыздардын орто мектептерде жана университеттерде билим алуусуна тыюу салган. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешин чектеген.

Документ, билим алуу көйгөйлөрүнөн тышкары буга чейин Ооганстандагы этникалык кыргыздардын арасында сасык тумоо күчөгөнү тууралуу маалымат таркаган.

Бир нече жыл мурда Улуу Памирден Кыргызстанга көчүп келип, Чоң-Алайдагы Талды-Суу кыштагында жашап жаткан этникалык кыргыз Абдыкапар Абдырасул уулу тумоодон жыйырмадан ашуун киши көз жумганын Файзабаддагы ооруканага келген туугандарына таянып "Азаттыкка" айтты.

"Менин кайнагамдын уулу Файзабадда сокур ичегисин алдыруу үчүн операция болгондо ооруканага келишкен экен. Ошондон биз так маалымат алдык. Сасык тумоодон өлгөн кишилердин саны менде 24 адам деп жазылуу. Аял-эркек, бала-бакыра баарын каттагам. Каза болгондор Улуу Памирдеги кыргыздар. 24 кишиден тышкары дагы 18 адам катуу ооруп, баса албай жатат деп укканбыз. Анын канчасы айыкканы тууралуу азыр маалымат жок. Айылдагылардын баары жатып калгандыктан каза болгондордун сөөгү бир нече күн коюлбай калыптыр деп айтышты. Малы каралбай жарымы Тажикстанга кирип, жарымын карышкыр жеп койгон дешти. Алардан жакынкы он күндө дагы кабар алып, сиздерге маалымдап коем".

Буга чейин Ооганстандагы 2 миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза тапканын "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттыкка" айтып берген.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ооганстандагы иштер боюнча ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоев бул багытта иштеп жатканын жана ошол маалыматты тараткан адам менен бир нече жолугушуу болгонун айтты:

"Аны чакырып, маалыматты кайдан алганын сураштырдык. Билесиңер да, Памирде шарт оор, дайым суук, шамал болуп турат. Деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр жогору жайгашкан. Ооруп жаткан балдар чарчап калган, төрөт учурунда аялдар каза болгон учурлар жыл сайын катталат. Ооруканага жеткирүү татаал иш. Ал адам тараткан маалымат толук тастыкталган жок. Ооруканага жеткире албай калышкандыктан үч-төрт бала чарчап калган, бир нече аял каза болгон фактылар бар. Бирок вирус жапырт жайылган деген маалымат жок. Биздин өкүл оогандык кыргыздар менен байланышта. Кар жаап, жолдор жабык тургандыктан ал жакка жетүү мүмкүн болбой жатат. Мүмкүнчүлүк болор замат аларга жардам берип турабыз, бул иш уланат. Бирок вирустун айынан каза болгондор тууралуу маалыматты азырынча тастыктай албайбыз”.

2022-жылдын июль айында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ооганстандан 1,5 миңге чамалуу этникалык кыргыз көчүрүлүп келерин кабарлаган.

Анын айтымында, бул алдыдагы эки жылда ишке ашмак. Министрлик памирлик кыргыздарды алып келүү жана жайгаштыруу үчүн иш алып барууга бюджеттен 244 миллион 530 миң сом сарпталарын билдирген.

Ага чейин 2021-жылы президент Садыр Жапаров Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү максат кылып жатканы белгилүү болгон.

Ооганстандагы талибдер бийликти басып алып, өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан. Бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп аларды артка кайтарган.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган. 2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан болчу.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG