Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:09

Эки миңдей кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилди


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.

Беш жарлыкка ылайык, 1920 жаранга (1479и чоңдор жана 441и балдар), алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспорту берилди.

Мындан сырткары бир жарлыктын алкагында 205 адам (анын ичинен 187и чоңдор, 18и балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.

Президент Садыр Жапаров былтыр үч ирет Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койгон. Ага ылайык, 6413 кишиге Кыргызстандын жарандыгы берилген. Алардын да басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG