Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

АКШнын эки сенатору Садыр Жапаровго "Азаттыкка" байланыштуу кат жолдошту


Бишкекте милициянын курчоосунда калган "Азаттык" радиосунун кабарчысы Бакыт Төрөгелди.
Бишкекте милициянын курчоосунда калган "Азаттык" радиосунун кабарчысы Бакыт Төрөгелди.

АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту.

Бул тууралуу маалымат 20-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты.

Анда америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

"Биз Кыргызстандын жетекчилигинин Борбор Азиядагы эң эркин, көз карандысыз медиа мейкиндикти камсыз кылууда ойногон тарыхый ролун тааныйбыз. Бирок "Азаттык" радиосунун интернет сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөө жана банк эсебин тоңдуруу чечими өлкөнүн Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин маягы деп таанылган эл аралык аброюна шек келтирет деп тынчсызданабыз. Мындай чечимдер сөз жана басма сөз эркиндигине байланыштуу эл аралык нормаларды гана эмес, өзүңүздүн Конституцияңыздагы бул эркиндиктердин кепилдигин да бузат", - деп жазышкан АКШ сенаторлору.

Алар Кыргызстандын басма сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу милдеттемеси АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында "Азаттык" радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришти.

"Кыргыз өкмөтүн "Азаттык" радиосуна коюлган чектөөлөрдү токтоосуз алып салууга, эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына мыйзамсыз чабуулдарды токтотууга жана журналисттерге карата зомбулукту, коркутууларды тыкыр иликтөөгө чакырабыз. Адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча сиздин убадаңызды эске салуу менен биз сизди көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө, кыргыз журналисттеринин өз ишин өч алуудан коркпостон алып барышын камсыз кылууга чакырабыз", - деп жазышкан катта.

АКШ сенаторлору Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы сөз эркиндигине байланыштуу айткандарын эске салган.

"2020-жылдын 6-ноябрында Эл аралык маалымат жана басма сөз күнүнө карата сиз: “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындуулугунун баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет", - деп айткансыз. Биз сиздин билдирүүңүзгө кошулабыз жана сиз өзүңүз өлкөңүздү өнүктүрүүнүн негизги максаты катары белгилеген эркин жана ачык медиа мейкиндигин колдоого чакырабыз", - деп белгилешкен.

Сенаторлор кыргыз өкмөтүнүн "Талибан" кыймылынан (Кыргызстанда тыюу салынган) улам Бишкекке жер которууга аргасыз болгон "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын журналисттерине көрсөткөн колдоосун кубатташкан.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

Бир катар эл аралык уюмдар "Азаттык" радиосуна байланыштуу кыргыз бийлигинин бул чектөөлөрүн сындап, билдирүүлөрдү таркаткан. Кыргызстандын бир катар маданий жана коомдук ишмерлери радиого каршы кысымды токтотуу жана сөз эркиндигин сактоо өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө эркин медианын иши чектелгени тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG