Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Аба ырайы: туман каптайт, кар жаабайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

22-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;

Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Нарын аймагында түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° суук болушу күтүлөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG