Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Ташиев күч түзүмдөрүндө келишпестик жоктугун билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы УКМК кызматкеринин кармалышы тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин 21-январда өткөн облустук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жыйынында сөз сүйлөп, күч түзүмдөрү ортосунда келишпестик жок экенин айткан.

УКМК башчысы анда 20-январда Ошто пара алууга шек саналып кармалган кызматкерге байланыштуу операцияны Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана атайын кызмат мурдатан биргеликте пландаганын билдирген.

Ташиев кармоо тууралуу туура эмес маалымат тараткан айрым маалымат каражаттары бул үчүн жоопко тартылышы керектигин кошумчалаган.

"Шыбырашып, бири-бириңерге органдар арасында келишпестик бар экен деп баштадыңар. Бардык мамлекеттик органдар биздин көзөмөлүбүздө турат, бардык операция президенттин байкоосу астында өтүп турат. Бардык мамлекеттик органдар президенттин чечимин сыйлашы керек. Бардык мамлекеттик органдар жана кызматкерлер маалымат берүүдө сак болууга тийиш", - деген УКМК башчысы.

Ташиев аткаминерлерди журналисттерге такталбаган маалымат берип, коомду дүрбөлөңгө салбоого чакырып, кайсы бир маалыматты таркатууда расмий билдирүүнү күтүү керектигин эскертти.

20-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгында Т.Ы. аттуу тергөөчү 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалганын Башкы прокуратура билдирген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн.

Факт боюнча Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-пункту “Опузалап ири өлчөмдө пара алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда иликтөө иштери уланууда. Кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо амалдары жүрүп жатат.

Башкы көзөмөл мекемеси бул кармоо Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ИИМдин жетекчилеринин макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG