Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Акылбек Жапаров эски машинелердин санын азайтууну сунуштады


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин борборуна эски автоунааларды киргизбөө керектигин айтты.

Жапаров 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго бир нече тапшырма берди.

"Биз транзиттик каттам менен кирип жаткан автоунаалардын маселесин чечишибиз керек. Алар шаарды айланып өткүдөй болсун. Бишкектин кайсы зоналарында ыштын көрсөткүчү 500дөн ашып жатканын тактап, ошол жактарга катализатору жок, эски автоунааларды киргизбеш керек. Кышында катализатор менен гана машинелер жүрсүн. Кыргызстан акыркы жылдары 1,5 миллион машина сатып алыптыр. Анын 1,2 миллиону 15 жылдан эски. Бүт эски машинелерди чогултуп, алардын катализаторун да кесип, 300 доллардан 500 долларга чейин сатып ийип азыр баары Бишкекте жүрөт", - деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанга К3 жана К4 деген класстагы күйүүчү-майлоочу майды киргизүүгө тыюу салуу сунушталган. Мындай начар сапаттагы май куюлган эски машинелер абага зыяндуу заттарды чыгарып жатканы жүйө келтирилген.

20-январда дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапка чыкты. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен.

Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Дели, Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор, Өзбекстандын Ташкент шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Парламенттин 18-январдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев Бишкекти ыш каптаганын айтып, өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштаган. Муну башка депутаттар да колдошкон. Бирок 19-январдагы жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов мындай абал киргизүүгө негиз жоктугун айткан.

Бишкектеги ыш маселеси акыркы жылдары байма-бай көтөрүлүп келет. 2022-жылы ЮНИСЕФ бул багытта илимий изилдөө жүргүзүп, ыштан аялдар менен балдардын саламаттыгы өзгөчө зыян тартып жатканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG