Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Кыргызстан электр энергиясын сырттан үч сомдон сатып алууда


Жогорку чыңалуудагы электр линиясын оңдоп жаткан адистер. Кыргызстан.
Жогорку чыңалуудагы электр линиясын оңдоп жаткан адистер. Кыргызстан.

Кыргызстан бир киловатт электр энергиясын сырттан 3 сомдон сатып алууда.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 21-январга караган түнү Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө айтылат. Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстан учурда коңшулардан 3 млрд. кВт электр энергиясын алып жатат.

“Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) кошуна өлкөлөрдөн 3 млрд. кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып алып келебиз. Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз. Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Кыргызстан 2014-жылдан бери электрди коңшулардан 5 сомго алып, элге арзан сатып сатып келгени тууралуу 2021-жылы жасаган билдирүүсүндө да айткан. Мунун айынан мамлекет бир нече миллиарддаган сом чыгым тартканын, эми мындай "кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол бербей" турганын белгилеген.

Кыргызстан анда бир киловатт электр энергиясынын 2 сомдун тегерегинде алып жатканы белгилүү болгон.

2022-жылы жаз айларында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайып кеткен. Октябрь айында Министрлер кабинети энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлгөнү, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшалары маалым болгон.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган.

Мындан улам 19-январда Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялаган. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG