Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Пентагондун башчысы Украинага берилчү жардам "өтө салмактуу" экенин айтты


Рамштайн-форматындагы жолугушууда украин президенти Владимир Зеленский видео аркылуу кайрылууда, 20-январь, 2023-жыл.
Рамштайн-форматындагы жолугушууда украин президенти Владимир Зеленский видео аркылуу кайрылууда, 20-январь, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин союздаштарын заманбап согуштук техниканы, алардын ичинде танктарды жеткирүүнү тездетүүгө үндөдү.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Германиянын Рамштайн базасында өткөн форумда НАТОдогу кызматташтарын Киевге тезинен көмөк көрсөтүүгө чакырды.

"Орусия күчүн топтоп, курал-жабдык менен кайра камсыздоонун чарасын көрүүдө. Азыр кол куушуруп отурчу маал эмес. Бул тереңирээк карай турган кез. Украин эли бизди карап турат. Кремл да бизди карап турат. Тарых да бизди карап турат", - деди Пентагондун башчысы.

Рамштайн-форумуна видео аркылуу кайрылган президент Зеленский союздаштарына «канча танк беребиз деп соодалашпай, душманды токтото турган эң зарыл нерселерди жеткирүүнү» айтты.

20-январда НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери Германиядагы америкалыктардын Рамштайн авиабазасында Украинага курал-жабдык жеткирүүнү координациялоону талкуулашты.

19-январда Пентагон украиндерге 2,5 миллиард доллардык жардам берилерин жарыялаган. Бул жолу Киев алдыңкы NASAMS зениттик-ракеталык комплекстерин, сегиз "Авенджер" зениттик-ракеталык комплексин, 59 “Брэдли” согуштук машинесин, 90 "Страйкер" бронетранспортерун, минадан коргоно алчу 53 чопкутталган техниканы, 350 жогорку мобилдүү, көп кырдуу техника жеткирүүнү убада кылды.

Жардамда HIMARS, HARM ракеталык системасын, артиллериялык снаряддары, танкка каршы ракеталарды, 3 миллиондон ашуун ок-дары жана башка курал-жарактын түрү берилет.

Германия катуу басым алдында Украинага Leopard 2 танктарын берүүнү чечип жатканы маалым болду. Өткөн аптада Британия Challenger 2 танктарын Украинага бермей болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG