Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Эркиндик үнү - "Азаттык" радиосунун жаңы подкасты


"Азаттыктан" жаңы подкаст угуңуз!

Адамдын башкы баалуулугу - анын азаттыгы. Эркин мамлекетте эл бактылуу. Ачык коомдо өнүгүү болот.

Мыйзам сакталган, саясий жана жарандык укуктар корголгон мамлекет кантип түптөлөт? Ал үчүн ар бир жаран кандай салым кошо алат?

Адилет коом, мыйзам үстөмдүгү, демократиялык баалуулуктар жана мамлекет-жаран мамилесине байланышкан маселелерди «Азаттык» радиосу мындан ары "Эркиндик үнү" подкастында талдап, түшүндүрүп берип турат.

Кыргызстандагы жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы коомдук жана саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин, журналисттердин, карапайым тургундардын пикирлерин угабыз.

«Эркиндик үнү» подкасты ар дүйшөмбү күнү жарыяланып турат. Алгачкы чыгарылышын 23-январда подкаст платформаларынан уга аласыз. Подкастта айтылган урунттуу учурлар «Азаттыктын» сайтына макала түрүндө да жарыяланып турат.

«Азаттык» - элдин жана эркиндиктин үнү.

Подкастты төмөнкү жолдор менен уга аласыз:

Azattyk.org сайтынын башкы бетиндеги «Подкаст» бөлүмү

«Азаттыктын» мобилдик тиркемеси

YouTube порталындагы «Азаттык» каналы

Apple жана Spotify подкаст аянтчалары

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG