Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Аскарбек Шадиевдин башы ачылбаган мүлкү. "Ала-Арчанын" артындагы сыр


Иллюстарциялык сүрөт
Иллюстарциялык сүрөт

Бир нече кылмыштуу иш-аракеттери үчүн 2019-жылы сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган экс-депутат жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкү мамлекетке өткөн эмес.

Мүлктү конфискациялоо боюнча райондук жана шаардык соттун өкүмдөрү күчүнө киргенине карабай, чечим ушул күнгө чейин аткарыла элек. Кылмыш иши козголгондон кийин АКШга качып кеткен мурдагы аткаминердин мүлкү эмне себептен мамлекетке өткөрүлбөй жатат?

Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү жарыяланган мүлк боюнча маселе ушул аптада Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров мындай деди.

Дастан Бекешев: «Ала-Арча» деген соода борбору бар, ошол мамлекеттик мүлк да, туурабы?

Мирлан Бакиров: Жок.

Дастан Бекешев:: Соттун чечиминин негизинде мамлекетке кайтарылып берилген да?

Мирлан Бакиров: Сиз тиги «Ала-Арча» соода борбору тууралуу айтып жатасыз да? Андай сөз болгон, бирок ал боюнча соттун чечими чыгып, мамлекеттик мүлк фондуна өткөн эмес.

Дастан Бекешев: Чыккан эмеспи? Шадиевдин мүлкү мамлекеттик мүлк болуп калды деп айтылган да. «Карвен четыре сезона» ошол жерде үлүштө, туурабы?

Мирлан Бакиров: «Карвен четыре сезонанын» 33% каттоо боюнча аракет болуп жатат.

Дастан Бекешев: Дагы эле катталган эмеспи?

Мирлан Бакиров: Катталган эмес экен. Ал жерде мыйзамдар боюнча негиздөөчүлөрдүн катышуусу, бир негиздөөчүсү кайтыш болгон, анын мураскери... Мына ушундай процедуралар жүрүп жатат, Юстиция министрлигине дагы, Мамкаттоого дагы каттар жөнөтүлүп, аракеттер жүрүп жатат.

Дастан Бекешев: Же бирөө тоскоолдук кылып жатабы?

Мирлан Бакиров: «Карвен четыре сезона» боюнча процедурага ылайык болуп жатат.

Дастан Бекешев: Түшүнүксүз болуп калып жатат. «Ала-Арча» боюнча да сөз болгон да.

Мирлан Бакиров: Сөз жүзүндө калып кеткен болушу мүмкүн...

Бишкек шаарынын Октябрь райондук бөлүмүнүн сот аткаруучулары билдиргендей, Шадиевге жана анын жакын тууганына таандык делген жети фирмадагы үлүштөрү менен кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн мамлекетке өткөрүү боюнча аткаруу баракчасы берилген.

Алар:

  • «Аква Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100% үлүшү;
  • «Союз Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100% үлүшү;
  • «Бината» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 50% үлүшү;
  • «Ларель» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 50% үлүшү;
  • «Аква Инвест Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 50% үлүшү;
  • «Карвен-четыре сезона» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 33% үлүшү;
  • «Континенталь Транс Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 33% үлүшү;
  • Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы «Ала-Арча» калктуу конушунда жайгашкан эки турак үйү (№14 жана 19 үйлөр);
  • Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн 11/1 дарегинде жайгашкан турак үй;
  • Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүнүн 77/1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү эки батир (20 жана 21) жана эки автоунаа токтотуучу жай (№17 жана 18);
  • Чолпон-Ата шаарындагы курорттук зонада жайгашкан курулуп бүтө эле имарат;
  • Toyota Land Cruiser 150 автоунаасы.

Иш эмне үчүн создугуп келди?

Маалым болгондой, Шадиевдин өкүлү 2022-жылдын 27-июнунда мүлктү конфискациялоо ишин токтото туруу жөнүндө арыз менен кайрылган. Бул мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү иши ага чейин белгисиз себептер менен создугуп келген.

Октябрь райондук бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Эмил Ачикеев 2019-жылы чыккан чечимдин аткарылбай келген себебин Аламүдүн райондук сот аткаруучунун тажрыйбасыздыгы менен түшүндүрөт.

"Азыркы учурда өкмөттүн наамына "Карвен четыре сезона" 33% эле берилген. Учурда аткаруу өндүрүшү токтоп турат. Анткени, Шадиевдин өкүлү "айрым мүлктөрдү конфискациялоо описиндеги тизмеден чыгаруу" боюнча арыз жазган. Алар Орто-Сайдагы "Ала-Арча" конушунда жайгашкан эки үйүн тизмеден чыгарууну сурап жатышат. Аламүдүн райондук сотунун 2022-жылдын 11-августунда чыккан аныктамасы бар. Ал жакта конфискациялоо описинен аталган мүлктөрдү чыгаруу арызын кароосуз калтыруу жазылган. Тигил тарап аны менен макул болбой, Чүй облустук сотуна жазган. Облсот дагы Аламүдүн райондук сотунун аныктамасын күчүндө калтырган. Аны менен дагы макул болбой, Жогорку Сотко даттанган, азыркы учурда арыз Жогорку Сотто каралууда. Ишти кайра жандандыруу үчүн Жогорку Соттун аныктамасы керек".

2018-жылдын 25-декабрында Шадиевди 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыккан. Анда жогорудагы компаниялардагы үлүштөрү жана кыймылдуу-кыймылсыз мүлкүнүн катарында Шадиев менен жубайына таандык делген «Ала-Арча» соода борборунун 100% үлүшү («Трейд Инвест» ЖЧКсы) жана «Карвен Групп» ЖЧКсындагы 50% үлүшү да конфискациялангандыгы жазылган болчу. Мамлекетке өткөрүлө турган мүлктүн жалпы наркы 1,8 млрд. сом деп бааланган.

Бирок,сот аткаруучу берген жогорудагы маалыматка караганда, «Ала-Арча» соода борбору менен «Карвен Групп» компаниясы мамлекетке өткөрүлүүчү мүлктүн тизмесинде жок болуп чыгат. Сот жараяндарынын жүрүшүндө анын тизмеден чыгып калганы маалым болгон.

"Конфискация кылынсын деген тизмеде жок экен. Соттон "эч кандай тиешеси жок экен" деп алып койгон. "Трейд Инвест" ЖЧКсы, башкача айтканда Бишкек шаары, Айтматов көчөсү, 229в дарегиндеги "Ала-Арча" соода борборунун маселесин чечкен. Бул сот учурунда эле чечилип кеткен, Биринчи Май райондук сотунда өкүм чыгып атканда сот тизмеден чыгарып атат. Бизге аткаруу барагы келип түшкөн, анда ал көрсөтүлбөптүр. "Трейд Инвест" ЖЧКсы башка бирөөлөргө тиешелүү болуп, ошол себептен конфискация боло турган мүлктөрдүн тизмесине түшпөй калыптыр", - деди сот аткаруучу Эмил Ачикеев.

Аскарбек Шадиев жана анын изи

54 жаштагы Аскарбек Шадиев 2000-жылга чейин ишкердик менен алек болгон. Аскар Акаевдин бийлиги маалында 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору кызматын аркалаган. 2010-жылга чейин жана 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. Парламентте Бюджет жана финансы жана Эл аралык мамилелер комитеттерин башкарып турган. 2010-2012-жылдары энергетика жана өнөр-жай министри болуп да иштеди.

Кылмыш иши козголуп, чет өлкөгө качарда, тагыраагы 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

2018-жылдын апрелинен бери Шадиевге карата жалпысынан үч кылмыш иши козголгон.

Алгачкы жолу 2018-жылдын башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын ыйгаруу үчүн бюджеттен 30 миң доллар каражат бөлүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган.

28-апрелде Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан аша чабуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ага жана анын жакын туугандарына таандык делген мүлктү камакка алган.

Кылмыш иши козголгондон бир күн мурда Шадиев Лейлек району аркылуу Тажикстандын аймагына өтүп, андан ары Америка Кошмо Штаттарына учуп кеткени маалым болгон. Мындан улам, Кылмыш кодексинин "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылган.

2-июлда "Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо" беренеси боюнча дагы бир айып тагылган.

Кылмыш иштеринин натыйжасында 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук сотунун, кийин 2019-жылдын 11-февралында Бишкек шаардык сотунун өкүмдөү чыккан. Экөөндө тең Шадиевди 10 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо жөнүндө жазылган.

Кыргызстандагы сот жараяндарына байкоо салып иштеген Коомдук талдоо институтунун директору Айсулуу Айтбаева чуулгандуу көптөгөн соттук иштерде жазага тартылган жарандын мүлкүнүн мамлекетке өткөнү же өтпөгөнү белгисиз бойдон каларын айтат.

"Бир-эки жыл мурда "көптөгөн коррупционерлерди соттолуп, алардын мүлктөрү мамлекетке өтөт" деген маалыматтар чыгып атпады беле. Ошондо биз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "мамлекетке конфискация болгон мүлк кандай бөлүнөт, алар сатыкка чыгарылабы, кийнки тагдыры кандай болот?" деген суроо жөнөткөнбүз. Бирок бизге андай маалыматты бербей коюшкан. Биз сайтынан дагы караганбыз, расмий каттарды дагы жазганбыз, бирок так маалымат ала алган эмеспиз. Мен ойлойм, бул жакта коррупциялык көрүнүштөр бар. Анткени, канча деген чоң-чоң иштерде мүлктөр мамлекетке өтүп кетип жатат. Ал мүлк андан ары кимге тийип атат, кандай болору белгисиз".

Аскарбек Шадиев менен жубайы Асель Шадиевага Кыргызстанда бир нече фирмалар таандык. 2018-жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги маалымат катчысы Рахат Сулайманов "2018-жылдын 1-апрелинен тарта Аскарбек Шадиев жана анын жакындары өздөрүнө тиешелүү мүлктү сатып жана башка адамдарга каттай баштаганын" билдирген.

Алсак, KARVEN group компаниясы мурда Аскарбек Шадиевдин жеке ээлигинде болсо, 2018-жылдын 13-апрелинде бизнес-өнөктөшү Генрих Балянга өткөн. Бирок катталган дареги Гоголь көчөсүндөгү Шадиевге таандык үйдө калган.

"Бината" фирмасы да 2018-жылдын 20-мартында Динара Абыкулова аттуу жаранга катталган, бирок дареги мурдагы бойдон Манас проспектиси 11/1 үйүндө турат.

"Ала-Арча" соода борбору 2018-жылдын апрелинде Аскарбек Шадиевге кылмыш иши козголуп, мүлкү камакка алынган маалда курулуп бүтө элек болчу. Ошол эле жылдын 1-июнунда ишке кирип, учурда эл көп барган соода жана эс алуу жайына айланган.

2018-жылдын башынан бери Аскарбек Шадиевдин мүлкү башка адамдарга кайра катталган мындай учурлар дагы бир топ. Кыргызстанда анын үй-бүлөсү менен бир туугандарына катталган дагы ондогон компания бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG