Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Аскар Шадиев сыртынан соттолду


Аскар Шадиев. ЖКнын бир нече жолку чакырылыштарынын экс-депутаты, мурдагы министр.
Аскар Шадиев. ЖКнын бир нече жолку чакырылыштарынын экс-депутаты, мурдагы министр.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскар Шадиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул берене менен Шадиев эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кесилди.

Мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Аскар Шадиевдин жалпы абакта жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланмакчы.

Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмүнөн “Азаттыкка” ырасташты.

Аскарбек Шадиевге карата башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шадиевдин качып кеткени жана анын АКШда жүргөнү кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш ачылган. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй мүлкү конфискацияланып, өзүнө издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, Шадиевге «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2018-жылы 27-апрелде Баткен облусунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө бекетинен өтүп, дипломатиялык паспортун пайдаланып, Тажикстан, Орусия аркылуу Кошмо Штаттарга качып кеткени белгилүү болгон. Соңунан Кыргызстандын Башкы прокуратурасы издөө жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG