Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

АКШ орусиялык "Вагнер" тобун эл аралык кылмыштуу уюшма топ деп тапты


Орусиядагы "Вагнердин" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин
Орусиядагы "Вагнердин" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин

АКШнын Финансы министрлиги Орусиядагы "Вагнердин" менчик аскердик компаниясын эл аралык уюшкан кылмыштуу уюм деп таап, кийинки аптада кошумча санкцияларды салмай болду.

Бул тууралуу 20-январда Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди.

Маалыматка ылайык, Байдендин администрациясы Вагнер" компаниясын "континенттер аралык коркунуч жаратып жатат" деп санайт. Кошумча санкциялардын чоо-жайы азырынча белгисиз.

"Вагнер" компаниясы жана анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Кошмо Штаттардын жана Европа Биримдигинин "кара тизмесине" киргизилген. Орусиялык бул компанияны ар кандай куралдуу жаңжалдарга, анын ичинде Украинага кол салууга аралашып, аскердик кылмыштарга барган деп айыпташкан.

Вашингтондун эсебинде, ушу тапта Украинанын аймагында 50 миңдей "вагнерчи" жүрсө, алардын 40 миңи орус абактарынан согушка тартылган жалданмалар.

Пригожин АКШнын соңку чечимин "акыры Вагнер" компаниясы менен америкалыктар кесиптештер болуп калды. Биздин мамилени "кылмыштуу кландардын өз ара чечишмейи" деп караса болот" деп комментарийлегенин "Конкорд" компаниясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Украинанын чыгышындагы Соледар шаары үчүн апталап созулган кармашта Орусиянын жалданма аскерлери - "вагнерчилер" негизги кыймылдаткыч күч болгонун Кремл да мойнуна алды.

Путиндин "ашпозчусу" деген атка конгон олигарх Пригожин Украинага каршы агрессияда өзгөчө роль ойноп, жалпы орус саясатында күтүлбөгөндөй кадыр-баркка ээ болуп чыга келди. Орусиянын мамлекеттик медиасы соңку айларда "Вагнердин” негиздөөчүсүн салмактуу фигурага айлантып, дүйнөгө таанытты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG