Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Секелектин зордукталышы: укук коргоочулар сот өкүмүн сындашты


Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2023-жыл.
Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2023-жыл.

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүнүн кыскарышы коомчулукта сынга алынууда. Укук коргоочулар Бишкек шаар сотунун чечими - Кыргызстанда балдар укугу корголбой турганын ачыкка чыгарганын айтып чыгышты.

Шаардык сот өкүмдүн жумшартылганын Кылмыш кодексинин жаңы редакциясындагы беренелерге байланыштырды.

"Зордуктоо менен сексуалдык аракеттерге мажбурлоо эки башка"

12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарды.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштеген инспектору, 39 жаштагы Дайырбектин (аты өзгөртүлдү) жаза мөөнөтү алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы Эрмектин жаза мөөнөтү тогуз жылга чейин кыскарды. Үчүнчүсү - 10 жылга соттолгон 41 жаштагы Кумарбектин жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

Өспүрүм кызды зордуктоого айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүнүн кыскарганы коомчулукта көп суроо жаратты.

Буга байланыштуу 16-январда Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев журналисттерге мындай маалымат берди.

"Тергөө тарабынан айып зордуктоо менен эмес, 156-берене - "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" менен коюлган. Бул деген 14 жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү - зордуктоонун жана зомбулук аракеттердин белгилери жок, сексуалдык мүнөздөгү аракет үчүн айыптоочу берене. Бул зордуктоо беренесинен айырмаланып турат. Экинчиден, кылмыш иши 2021-жылы сентябрь айында жасалган. Ал кезде Кыргызстанда 2017-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси иштеп жаткан. Бирок тергөөчүлөр аларга айыпты 2021-жылдын декабрында күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодекси менен коюп, Свердлов райондук соту өкүмүн ошонун негизинде чыгарган. Биздеги мыйзамдарга ылайык, айыпталуучунун жазасын катаалдата турган мыйзам өткөн убакытка колдонулбайт. Ошондуктан, шаардык сот райондук соттун чечимин туура эмес деп тапты".

Судья Динеев шаардык сотто иш “мыйзам чегинде, объективдүү жана ар тараптуу” каралганын билдирди.

Шаардык соттун 12-январдагы чечимине ылайык, секелек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган эки милиция кызматкеринин жазасы жумшартылып, мөөнөттөрү кыскарды.

13 жаштагы кыз өзүн эң башында (2021-жылы августта) автоунаанын ичинде зордуктаганын айтып жаткан милиционер - Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору, 39 жаштагы Дайырбектин (ысымы өзгөртүлдү) жаза мөөнөтү алты жыл деп берилди. Соттук коллегиянын чечиминде Дайырбек Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренеси - "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" (2017-жылкы редакциясы) боюнча айыптуу деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренеси - "Кылмышка кошо катышуучуларга дайындалуучу жазасы" менен чогуу жалпы алты жылга эркинен жана үч жылга чейинки аралыкта жетекчи кызматта иштөө укугунан ажыратылды. Дайырбекке чыгарылган мурдагы сот өкүмүнөн аны Кылмыш кодексинин 164-беренеси - "он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттери" үчүн айыптуу деп табылганы алып салынган. Соттун чечими боюнча экс-милиционер жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өтөйт.

Дайырбекке Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан 2021-жылкы редакциядагы Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү - "Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" жана 337-берене - "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" боюнча айып тагылган. Свердлов райондук сотунун чечими менен ал 15 жылга эркинен ажыратылган.

Экинчи милиционер - Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык милиционери Эрмектин жаза мөөнөтү кыскарып, жалпы тогуз жылга кесилди. Бишкек шаардык сотунун 12-январдагы чечимине ылайык, Эрмек 156-берене, Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо (2017-жылкы редакциясы) боюнча айыптуу деп табылып, сегиз жылга эркинен жана үч жыл аралыгында жетекчи кызматтарда иштөө укугунан ажыратылды. Ага да Кылмыш жаза кодексинин 77-беренеси - Кылмышка кошо катышуучуларга дайындалуучу жазасы менен чогуу жалпы тогуз жыл жаза мөөнөтү берилди. Эрмек да жазасын жалпы режимдеги абакта өтөйт.

Эрмекке кылмыш ишин иликтеген тергөө тарабынан 2021-жылкы редакциядагы Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү "Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо", ошондой эле 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган. Свердлов райондук сотунун чечими менен ал 15 жылга эркинен ажыратылган.

Бишкек шаар соту үчүнчү айыпталуучу - мурда соттолгон Кумарбектин жаза мөөнөтү ал өзү же адвокаттары апелляциялык арыз менен кайрылышпаганы үчүн өзгөртүүсүз калтырылганын маалымдады.


Свердлов райондук прокуратурасы жашы жете элек кызды зордуктоого шек саналган Кумарбектин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү ("Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") менен кылмыш ишин козгогон. Свердлов райондук сотунун 30-августтагы чечими менен ал 10 жылга эркинен ажыратылган.

Бул кызды зордуктоого шек саналган төртүнчү адам - Маратка тергөө тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү (2021-жылкы редакциясы) "Жашы 14кө толо элек баланы зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук соту Маратты тогуз жылга эркинен ажыраткан.

13 жашар кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлерине карата сот чечими жумшак болуп калганын айткан кыздын ата-энеси Жогорку Сотко жана президент Садыр Жапаровго даттанарын билдирүүдө.

Былтыр, 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адам 13 жаштагы кызды 2021-жылдын август айынан тартып, 2022-жылдын февралына чейинки убакта зордуктап жүрүшкөн деп шек саналып жатышканы тууралуу баяндалган.

Макала жарык көрөрү менен жашы жете элек секелектин зордукталышына милиция кызматкерлеринин шек саналып жатканына коомчулук катуу реакция кылып, Ички иштер министрлигинин, сот имаратынын алдында бир катар нааразылык акциялары, митингдер өткөн.

Ага чыккандар сот адилеттигин, балдардын укугун коргоону талап кылган. Мамлекет башчы бул ишти өз көзөмөлүнө алганын президенттин басма сөз катчысы билдирген. Президенттин алдындагы Балдар омбудсмени сот жараяндарына калтырбай барып катышып турду.

30-августта Свердлов райондук соту секелекти зордуктоого шек саналган эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми үчүнчү адамды 10 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган.

Көп өтпөй, сентябрдын башында ушул эле секелекти зордуктоого шек саналган төртүнчү адамды Биринчи Май райондук соту тогуз жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучулар сот чечими менен макул экенин билдиришкен.

Айыпталган тарап, тагыраагы эки милиция кызматкери Свердлов райондук сотунун чечимине каршылыгын билдирип, Бишкек шаар сотуна апелляциялык өтүнүч жана арыз менен кайрылышкан.

"Карга карганын көзүн чокубайбы?"

Милиция кызматкерлерин "адам сатуу" фактысы боюнча да айыптоону талап кылып, 13 жаштагы кызга юридикалык жана психологиялык жардам берип келген "Оазис" коомдук уюмунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева Бишкек шаардык сотунун эки милиционерге карата чечимин кескин сынга алды.

Мээрим Осмоналиева, "Оазис" укук коргоо фондунун жетекчиси
Мээрим Осмоналиева, "Оазис" укук коргоо фондунун жетекчиси

"Келиңиз Бишкек шаар соту белгилеп жаткан 156-берене - сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо менен 154-берене - Зордуктоо беренелеринин айырмасын карап көрөлү. Зордуктоо - жабырлануучунун физикалык же психологиялык жактан каршылык кыла албаганынан пайдаланып, сексуалдык зомбулук жасоо. Зордукчу өзүнүн курмандыгын уруп-сабоо же сөз менен коркутуп, өзүнүн сексуалдуу зордукчул ишин жүзөгө ашырат. Ал эми сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо - адамды психологиялык кысымга алуу - шантаж, коркутуу жолдору менен, жабырлануучунун материалдык, физикалык көз карандылыгын пайдалануу менен сексуалдык кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу. Зордуктоо учурунда айыпталуучу физикалык күч колдонсо, мажбурлоодо ага психологиялык басым жасайт. Соттор бул иште секелектин зордукталышы боюнча соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу жоктугуна да басым жасашканы айтылып жатат. Бирок эмнеге эки милиционердин жазасын жумшартууга бул колдонулат да, калгандарына колдонулган жок?

Жабырланган секелек биздин психолог менен сүйлөшкөн учурда милиция кызматкерлери да, башкалары да аны зордуктоо алдында колун кайрып, күч колдонушканын жана коркутушканын айтып берген.

Тилекке каршы биздин системада "адам сатуу" түшүнүгү анча өнүккөн эмес. Соттор булардын жазасын жумшартуу ордуна тескерисинче дээрлик бардыгына Кылмыш кодексинин 167-беренеси "Балдарды соодалап сатуу" менен жоопко тартууга тийиш эле. Анткени бул окуяда жашы жете элек кызды узак убакыт зордуктап жана сексуалдык жактан эксплуатациялап жүрүшкөнү ачык эле көрүнүп турат".

Эркин Рыскулбеков - жабырлаган секелектин окуусун улантуусуна көмөктөшүү үчүн түзүлгөн фонддун мүчөсү. Ал Бишкек шаардык сотунун чечими - Кыргызстанда мамлекет балдардын укугун коргоого кызыкдар эместигин ачык көрсөттү деп сыпаттады.

Erkin Ryskulbekov/aktivist/Bishkek
Erkin Ryskulbekov/aktivist/Bishkek

"Бул соттун чечиминен мен үч жыйынтык чыгардым. Биринчиси - мамлекет өзүнүн уул-кыздарынын укугун коргоого, аларга карата зордук-зомбулукту токтотууга, бул маселени чечүүгө эч кызыкдар эмес экен. Эгер кыздыкдар болгондо президент болобу, премьер-министр болобу, бул ишти көзөмөлүнө алып, натыйжасында мындай чечим болмок эмес. Көрдүк го, дүйнөлүк сулуулар сынагында Кыргызстандан барган кыздын көйнөгүн фейктер менен кошоматчылар сындап жатып калышты. Экинчиси - Кыргызстанда балдардын укугу ата-энесинин кызматына, акчасынын көптүгүнө жараша корголот экен. Жаңы жыл алдында жогорку бийликте отурган адамдын жакынынын баласы чарчап калганда милиция дароо бир нече дарыгерди камады. Бул кыз мигранттын, карапайым адамдын кызы. Ошондуктан, сот ага башкача мамиле кылды. Үчүнчүсү - "карга карганын көзүн чокубасына" көзүм жетти. Дагы бир жолу көрдүк, ынандык жана ишендик. Бул чечим күч органдары, сот системасы, прокуратура бири-бирин коргоп, жашырып, коррупциянын, мыйзам бузуулардын үстүндө жүргөнүнөн кабар берди".

"Адилетсиз чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартуу керек"

Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкек шаардык сотунун чечими - Кыргызстанда балдарга карата адилеттүүлүктүн жоктугун көрсөттү деген пикирде.

"Балдар үчүн Кыргызстанда адилеттүүлүктүн жок экенин көрсөттү. Тилекке каршы, коомчулуктун талабына, аракетине карабастан, Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кыз боюнча балдар укугуна, балдардын кызыкчылыгына карама-каршы келген чечимди кабыл алды. Бул сотторду жоопкерчиликке тартуу керек, биз ошону талап кылабыз".

Назгүл Турдубекова (ортодо) балдарга жана аялдарга карата зомбулукка каршы акцияда. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Назгүл Турдубекова (ортодо) балдарга жана аялдарга карата зомбулукка каршы акцияда. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.


Жабырлануучулар жана алардын адвокаты 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган милиция кызматкерлеринин жазасы жумшартылган Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришүүдө. Кыздын ата-энесинин айтуусунда секелек зомбулуктан кийин түнт тартып, теңтуштарынан коруна баштаган. Энесинин айтымында бир нече жолу өзүнө кол салууга аракеттенгенин айтты.

Секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилген.

Ички иштер министрлиги 2022-жылы жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 ишти тергөө уланып жатканы айтылган.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй Токмок шаарында эки секелекти зордуктоого шек саналып, 80 жаштагы киши кармалды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG