Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Эрдоган Москва менен Киевге ортомчу болуу ниетин дагы билдирди


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 20-январдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, расмий Москва менен Киевге согушту токтотуу үчүн ортомчу болуу ниетин билдирди.

Бул маалыматты Reuters агенттиги Түркиянын расмий булактарына таянып жарыялады.

Эрдоган Киев облусундагы тик учак кырсыгына байланыштуу Зеленскийге көңүл айтканы да белгилүү болду.

5-январда Эрдоган Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен да телефондон сүйлөшүп, согушту токтотууга үндөгөн.

Түркиянын президенти согуш башталгандан бери эки өлкөнү сөзгө келүүгө буга чейин да чакырган. Бирок Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев оккупацияланган бардык аймактар, анын ичинде аннексияланган Крым кайтарылганда гана Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Түркия НАТОго киргени менен Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы санкцияларга кошулган эмес.

Ошол эле маалда Анкара Киевге гуманитардык жардам көрсөтүп, Украинага курал-жарак жактан көмөктөшкөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG