Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:05

Акын Толук Бек Байзак ТҮРКСОЙдун сынагында жеңүүчүлөрдүн бири болду


Сынактын жыйынтыгы.
Сынактын жыйынтыгы.

ТҮРКСОЙ уюму мажар элинин акыны Шандор Петөфинин 200 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жыйынтыгын жарыялады.

Жеңүүчүлөр арасында Кыргызстандан акын Толук Бек Байзак да бар экенин аталган уюмдун төрагасы Султан Раев 21-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Жалпы түрк дүйнөсүндө акындын “Сүйүү жана азаттык” деген төрт сап ырын ар бир ТҮРКСОЙ курамына кирген өлкөлөрдүн улуттук тилинде көркөм которуу боюнча мындан эки мурда “Лакитилек” мажар фонду менен бирге сынак жарыялаганбыз. Бүгүн сынактын жыйынтыгы чыгып, эл аралык жюри жеңүүчүлөрдүн ысымын ачыктады", - деп жазган Раев.

Кыргызстандык акындан тышкары сынактын жыйынтыгында Азербайжандан Рамил Эхмед жана Барыш Жавид Мавусумулы, Казакстандан Даурен Бериккажулы, Өзбекстандан Рустам Мусурмон, Түркмөнстандан Акмурод Режебов, Туркиядан Дурсун Аян байгеге ээ болгон. Ар бир жеңүүчүгө 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык ыйгарылмакчы.

Сыйлык тапшыруу аземи 15-мартта Будапештте өтө турган Шандор Петөфинин 200 жылдык мааракесинин алкагында өтөт. Жеңүүчү акындардын котормолору өзүнчө китеп катары жарык көрөт.

Мажар акыны Петөфинин 200 жылдыгына карата котормо конкурсу 2022-жылдын октябрь айында жарыяланган.

Шандор Петөфи деген ат менен таанылган Александр Петрович Венгриянын демократ акыны, 1848-1849-жылдары өлкөдө төңкөрүш уюштурууга катышкан.

Эл аралык Түрк маданияты уюму деп таанылган ТҮРКСОЙ түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу болуп эсептелет. Уюм Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери тарабынан 1993-жылы түзүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG