Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

"Бишкек жана Ошто кымбат". Катуу суукта көмүр баасы көкөлөдү


Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын бири.
Бишкектеги көмүр сатуучу жайлардын бири.

Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы байкалып, мындан улам баа кымбаттап кетти. Азыркы тапта тоннасы 7-8 миң сомдон сатылып жатат. Ал эми Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 12 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул кыргыз өкмөтү коюп берген баадан эки эсе кымбат дегенди түшүндүрөт. Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасы Кара-Кече кенинде тынымсыз иш жүрүп атканын билдирди.

"Кара алтын" болуп көрбөгөндөй кымбаттады

"Дордой” базарынын ылдый жагындагы жолдун жээги көмүр базарга айланганына бир нече жыл болду. Бир аптадан бери Бишкекте көмүр калбай, жарандар ушул жерге чейин келүүгө аргасыз.

Асылбек Орокбаев жыл жаңырганга чейин 5500 сомдон үч жарым тонна көмүр алган, эми соодалашып отуруп сатуучуну 6500гө араң макул кылды. Кыш узарып эле кетпесе, азыр жүктөтүп аткан эки тонна көмүр жазга жетет.

“Өзүм Алтын-Казык жаңы конушунда бир нече жылдан бери жашайм. Ошондон бери быйылкыдай бааны көргөн эмесмин. Ашып кетсе 5 миңге сатып алар элем. Быйыл суук бир башкача. Жарык күнүгө эки-үч маал өчүп атат. Үйдө кичинекей неберелерим бар. Кымбатына карабай көмүр алыш керек. Андан башка арга барбы?", - деди Орокбаев.

Бул жерде эленбеген бир тонна көмүр 6500-7500 сом, бир кабы 250-300 сомдон сатылып жатыптыр. Ал эми кесек көмүрдү табыш кыйын. Сатуучулар Кара-Кечеден машине аз келип атканын, келсе деле тоннасы 6 миң сом экенин айтышууда. Алардын бири бизге мындай деди:

“Түндө чуркап жүрүп бир машине көмүр түшүрдүм. Ошон үчүн тонналабай каптап сатып жатам. Кардарларымды кармап турбасам болбойт. Бул жерде 13 жылдан бери иштейм. Быйылкыдай кымбатчылык, көмүр тартыштыгы биринчи жолу болуп атат. Кара-Кечени толук иштетип, жакшы көмүр алып келишсе болот эле. Антпесе сатуучу менен жарандар ортосунда түшүнбөстүктөр көп болуп атат. Алар бизди кымбат сатат деп ойлошот. Бирок андай эмес да".

Ак-Ордо жаңы конушу тараптагы Казакстандын көмүрүн саткан базада “кара алтын” эки күн мурда түгөнүптүр.

Бишкекте бир тонна көмүр 6500-7000 сом болуп калды.
Бишкекте бир тонна көмүр 6500-7000 сом болуп калды.

Анын жанындагы Кара-Кеченин көмүрүнө узун кезек турат. Бул жерге эртең менен 70 тоннадай көмүр түшкөн экен. Биз түштөн кийин барганыбызда аз эле калыптыр. Тоннасы жети миңден сатылып, жол киресине кошумча миң сом алышат.

Бул жерде эки апта мурун 4500-5000 сом деп турган. Көмүрдүн аздыгы баага таасир этүүдө. Шаар тургуну Венера Аскарова менен сүйлөшүп турганыбызда мындай деп нааразы болду:

“Үйдөн чыгып атканда эки тонна көмүр алайын дегем. 7 миң сом дегенди укканда бир тоннаны араң алып атам. Жол киреси менен 8 миң болуп атат. Көмүр Кыргызстанда жок болуп, чет жактан ташып келип жатсак бир жөн. Бизден чыгып жатканына карабай ушул баа. Бишкектин бир топ жерин кыдырып келдим. Баа ушундай. Бир жерде 6 миң сом деп турат. Бирок аябай майда экен".

Ак-Ордо тарапта көмүрдүн кабы 300 сомдон сатылып атат. Анын салмагы 40 килограммдан ашпайт.

"Бааны көзөмөлдөп атабыз"

Соңку эки жылдан бери Бишкекте өкмөттүн 4 миң сомдук көмүрү Дэн-Сяопин 306 дарегинде сатылат. Азыркы тапта алардын базасы да бош турат. Бирок шаар тургундары мамлекеттин көмүрүнүн күлү көп экенин айтып келишет.

“Кыргыз көмүр” ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова бир-эки күндө маселе чечиле турганын айтууда.

“Кара-Кечеде көмүрдү казуу, жүктөө тынымсыз жүрүп жатат.Азыр ал жакта акимдердин кайрылуусунун негизинде аймактарга да көмүр жиберилүүдө. Бишкекке эртең келет. Ал эми 4 миң сомдук көмүр жумасына эки жолу келип атат. Бир-эки күндө жаңы партия келет. Эске сала кетсек, "Кыргыз көмүр" Бишкекти жана өлкөнүн түндүгүн камсыздаган жалгыз мамлекеттик компания. Негизги күч бизге келип атканын айтып кетпесе болбойт", - деди Зоотбекова.


Ал эми Министрлер кабинети 2022-жылы ноябрь айында №594 токтом кабыл алып, анын негизинде Кыргызстандагы көмүрдүн баасына 90 күндүк көзөмөл киргизген.

Ага ылайык, “кара алтындын” тоннасы Бишкек менен Чүйдө 4000, Нарында 2300, Ош облусунда болсо 6500 сомдон кымбат сатылбаш керек. Иш жүзүндө көмүр өкмөт койгон баадан эки эсе кымбат сатылууда. Көмүр Ош шаарында 9000-1200 сомго бааланууда.

Монополияны жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукунов баадагы айырма боюнча буларды айтты:

“Реалдуу баа биздикинен айырмаланып жатканына макулмун. Биз өкмөттүн токтомун негиз кылып кымбат саткандарга айып салып атабыз. Анын өлчөмү жеке жактарга 3000, юридикалык жактарга 13000 сом. Ошол эле учурда көзөмөлдү күчөтүп, белгиленген баадан кымбат саткандарга чара көрө берсек, анда көмүр таңкыстыгы пайда болот. Ошон үчүн алгач түшүндүрүү ишин жүргүзүп, анан эскертүү берип атабыз. Такыр эле болбой койгондо гана чара көрөбүз", - деди Тукунов.

Соңку 10 күндөн бери Кыргызстанда кескин суук болуп, өлкө боюнча маал-маалы менен жарык өчүрүлүп жатат. Мындан улам электр энергиясы менен үйүн жылыткандар үчүн кыйынчылык жаралууда. 19-январдан Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ресторан, кафе, мончо жана өндүрүш үчүн жаратылыш газын берүү токтотулду.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев күн жылымайынча, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп турарын Жогорку Кеңеште билдирген.

Ошол эле учурда көмүрдүн көп жагылышы Бишкекти каптаган кара түтүндүн негизги себеби болууда. Кыргыз өкмөтү шаардыктарды газга өткөрө албай убара чегүүдө. Анткени тургундар газга кошулуу кымбат чыгып атканын айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG