Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

Перудагы демонстрацияларда элүүдөн ашык киши жараланды


Перудагы каршылык акциялары.
Перудагы каршылык акциялары.

Перудагы бийликке каршы демонстрациялар маалында 58 киши жараат алды. Алардын айрымдарынын колу-буту сынып, жараат алып ооруканага кайрылышкан.

Каршылык акциялары бир айдан ашуун уланууда. Ага чыккандар жаңы шайланган президент Дина Болуартенин кызматтан кетүүсүн, Баш мыйзамды өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Демонстранттардын дагы бир талабы - 18 айдан бери козголоң уюштурду деп айыпталып камакта жаткан мурдагы президент Педро Кастильону бошотуу.

Борбор калаа Лимада 20-январда демонстранттар таш, айнек бөтөлкөлөрдү туш келди ыргытып, полиция көздөн жаш агызган газ колдонгон. Анын алдында Лиманын чок ортосундагы жүз жылдан ашуун тарыхы бар хан сарай өрттөнүп кеткен. Бийлик тарыхый эстеликтерден айрылганын жарыялаган.

Перунун түштүк аймактарында каршылык акциясына чыккандар эки полиция участогуна кол салып, бирөөнү өрттөп салган. Жез чыгарган кенге да кирип барышып, башаламандык болгон. Өлкөнүн бир нече аэропорту иштебей турат. Алты аймакка өзгөчө абал режими кирип, жарандардын укугу чектелген.

Дина Болуарте Перунун мурдагы вице-президенти 2022-жылдын 7-декабрында өткөн парламенттин жыйынында мурдагы президент Кастильонун ордуна шайланган. Кастильо конгрессти таркатууга аракет кылып жатканда парламент ага импичмент жарыялаган.

Болуарте Перунун алгачкы аял президенти, Кастильо 2001-жылдан бери бийликте болчу. Буга чейин Перунун конгресси эки ирет импичмент жарыялоо аракетин кылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG