Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:18

Чүй облусундагы майыптар жана карылар үйлөрү жылыбай жатканы аныкталды 


Кыргызстандагы карылар үйү.
Кыргызстандагы карылар үйү.

Чүй облусундагы майыптыгы бар жана карылар үйлөрүндө имараттын ичиндеги жылуулук +5 градуска чейин түшүп кеткен. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 17-19-январда 14 социалдык жайды кыдырып, анын тургундары үшүп жатканын аныктаган. Бул тууралуу мекеме 21-январда билдирүү таратты.

“Бардык социалдык жайлар административдик борборлордон алыс жайгашкан. Көмүр, электр энергиясы же газ менен жылыйт. Жарык өчүп жаткандыктан, имараттардын ичи суук, суу муздак. Айрым жайларда тамак жасай албай жатышыптыр. Мындай социалдык имараттардын жарык өчүрбөөнү өтүнүп тиешелүү органдарга кайрылдык”, - деп жазылган маалыматта.

Эреже боюнча имараттын ичиндеги жылуулук +18, +24 болушу керек.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылыктан улам бийлик жарыкты “авраиялык тартипте” өчүрүп турарын 19-январда жарыялаган.

21-январда президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон тариф быйыл май айынан тарта 77 тыйындан бир сомго көтөрүлөт деген билдирүү жазган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG