Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Бүтүндөй бир доорду ала кеткен Кикабидзе


 Вахтанг Кикабидзе.
Вахтанг Кикабидзе.

Грузияда актер, ырчы, режиссер жана коомдук ишмер Вахтанг Кикабидзе дүйнө салды. Ал 84 жашта болчу.

Актердун өлүмү тууралуу грузин телеканалы "Мтавари архи" билдирди. Өлүмдүн себеби так айтылган жок.

1980-жылы Грузиянын Эл артисти наамын алган Вахтанг Кикабидзе СССРге 1970-жылдары советтик режиссер Георгий Даниелиянын тасмаларына тартылганы жана эстрадада вокалдык аткаруулары менен таанылган.

2008-жылдагы орус-грузин согушунан кийин Кикабидзе Орусияга баруудан баш тарткан. Крым аннексиясын сындаган, 2022-жылы орусиялык армиянын Украинага кол салганын кескин айыптаган.

Былтыр "Свобода" радиосуна берген интервьюсунда ал "эгер 20 жылга жашыраак болгонумда колума курал алып, коңшу өлкөнү коргоо үчүн барат элем" деп айткан.

Вахтанг Кикабидзени кичинесинен жакшы тааныган грузин ырчысы жана композитору Ирма Сохадзе “Аны менен кошо бүтүндөй доор кетти, Буба чыгаан сүрөтчү, ырчы, актёр болчу” деп эскерди. Анын "Азаттыктын" грузин кызматына курган маегин сунуштайбыз.

– Калбатоно (бул сөз грузинче “айым” дегенди билдирет) Ирма, грузиндер – Буба, постсоветтик мейкиндиктегилер жана башкалар – Вахтанг деп тааныган Кикабидзе сиз үчүн ким эле?

Ирма Сохадзе
Ирма Сохадзе

– Менимче, эч кандай оригиналдуу же жаңы сөз айтпай эле, ал өзү бүтүндөй доор болчу десем, баарына түшүнүктүү болот. Анткени Бубаны көрүнүктүү сүрөтчү дейбизби, ырчы, музыкант же актёр дейбизби – баары бир, кайсы кырынан албайлы, өзүнүн ажайып дараметин көрсөтүп, унутулгус боло алчу. Бүтүндөй постсоветтик мейкиндиктеги миллиондогон көрүүчүлөр ушул сапаты үчүн барктачу.

Ереван шаарынын мэри Тарон Маркарян (оңдо) грузин актёру жана ырчысы Вахтанг Кикабидзеге алтын медаль тапшырды. Ереван, 2014-жыл, 9-июнь.
Ереван шаарынын мэри Тарон Маркарян (оңдо) грузин актёру жана ырчысы Вахтанг Кикабидзеге алтын медаль тапшырды. Ереван, 2014-жыл, 9-июнь.

Мен үчүн, Буба... атамдын муунундагы, атамдан беш жаштай эле кичүү, бирок ошол муундун кишиси болчу. Атам Бубаны абдан жакшы көрчү, бала чагымда көп кездешкенибиз эсимде. Адегенде “Диело”, анан эле “Орэра” башталып кеткен...

Билсеңиз, бул “Битлзден” кийин козу карындай жайнап чыга келген биздин вокалдык аспаптык ансамблдердин бүтүндөй доору. Ырас, алардын көбү тез эле унутулуп калды, ал эми Буба катышкан ансамблдердин баары жашап кетти. Кийин алар өз алдынчабы же аны менен биргеби, кандай болсо да ишин уланта беришти. Канткен күндө да, ал ар бирине өз салымын кошуп, ушундай абдан маанилүү жана өтө орчундуу из калтырды.

“Диело” жөнүндө айта турган болсок, ал пайда болгондо эле мурдагылардан айырмаланып, таптакыр жаңы үн менен чыккан. Буба көп кырдуу эле, шыктуу эле эмес, эң бир таланттуу адам эле.

– Адатта актёр менен, сахнанын өкүлү, маданияты менен ушунчалык тааныш кишилер, албетте, сахнада ал башкача адам дешет. Сиздин байкоолоруңуз боюнча, ал жашоодо кандай адам эле?

– Жеке мамилеге келгенде ал эң мээримдүү, өтө илбериңки, ажайып адам эле. Атамдын досу болчу деп жатпаймынбы, кийин менин өмүрлүк жолдошум Резо менен жакын дос болуп калды, бир дасторкондо көп отурдук.

Билсеңиз, эркектердин чөйрөсү дегеле башкача эмеспи, биз, аялдар, көбүнчө сыртынан эле карап, баам салабыз же айтып бергендеринен эле бирдемелерди эстеп калабыз го. Бирок Буба бардык ролдордо өзүн мыкты ачып көрсөткөн абдан кызыктуу адам болгон.

Сахнада болсо, актёр катары... Айтмакчы, мен азыр сизге жооп бергенче ойлонуп жатам – ал турмушта жана чыгармачылыкта таптакыр эки башка эле деп айта албайм, мисалы, “Миминодогу” эле көзүнөн далай ирет сезилген мээримдүүлүк, менимче, анын кино кадрда да, жашоодо да нурун чачкан жаны эле. Анткени жашоодогу жана роль аткарган учурдагы жүзүнөн эч бир кескин айырмачылыкты таба албайм, баса белгилей да албайм, анткени ал турган турпаты менен ушунчалык боорукер, тамашакөй, укмуштай шайыр, жаркын киши эле.

Вахтанг Кикабидзе (Валико Мизандари, “Мимино”) жана Фрунзик Мкртчян (Рубик Хачикян) режиссер Георгий Данелиянын “Мимино” комедиясында, 1978-жыл.
Вахтанг Кикабидзе (Валико Мизандари, “Мимино”) жана Фрунзик Мкртчян (Рубик Хачикян) режиссер Георгий Данелиянын “Мимино” комедиясында, 1978-жыл.

– Анын кандайдыр бир, айталы, учкул сөзүн эстеңизчи?

– Азыр кыйналып калам го, мен даярданышым керек болчу. Чындыгында, анын өлүмү биз үчүн күтүүсүз болду, капыстан эле кетип калды... Ооруп жатканын билсек да, биз аны өлүмгө ыраа көргөн эмеспиз... Ооруса эмне экен, айыгып, куландай соо катарыбызга кошулат, атүгүл кийин маек уюштурабыз, баары алдыда, үлгүрөбүз дейбиз... Бул баарыбыздын катачылыгыбыз. Анан эле карасаң, кээде кеч болуп калат, өкүнүч көкүрөктү өрттөйт – эми аны менен эч кандай маек да, жолугушуу да болбойт...

Анын үнү угарманды таң калтыргыдай укмуштуу деле эмес болчу, бирок артисттик чеберчилиги, таланты, инсандыгы, – мунун бардыгы жуурулушуп келгенде эң жупуну ырды да көркүнө чыгарып койчу.

Ал менин концерттериме көп катышчу. Мен автордук концерттерди койчумун да. Ал катышкан соңку концерт Руставели театрында Петрэ Грузинскийди эскерүү кечеси эле. Менимче, ал “Чито-Гвритону” ырдады эле (жаңылышпасам, муну Петра Грузинскийдин сөзүнө Гай Канчели жазган). Чынын айтсам, анын бардык ырларын аябай жакшы көрчүмүн.

Эсиңиздеби, “Орэра, алга гана!” тасмасы тартылып жатканда (Заал Какабадзе дал ушул тасманы кемеде тарткан), ал жерде кайсы бир ырды (обонун ырдап келтирет), менимче, түрктөрдүн үлпөт ырын ырдаган. Анда өзгөчө эчтеке деле болгон жок, бирок ал ушундай сонун ырдады дейсиз!.. Сиз Бубанын сыры эмне экендигин билесизби? Эгер ойлонуп көрсөңүз, бул өтө таң калычтуу сыр. Анткени анын үнү угарманды муюткудай укмуштуу деле эмес болчу, бирок артисттик чеберчилиги, таланты, инсандыгы, – мунун бардыгы эң эле жупуну ырды ырдаганда да байкалчу.

“Мимино” тасмасынан кадр.
“Мимино” тасмасынан кадр.

Эсимде, мен жаш кыз элем, Заал Какабадзе ошондо мен жөнүндө да фильм тартып жаткан. Мен ушул келкилерди анын кураштырып жаткан учурун абдан көп кайталап көрчүмүн. Ушул ырды башкаларынан өзгөчө, ушундай кусалык сезим менен ырдады... Түшүнсөңүз, эскерүү өтө кыйын. Ушундай адамдар кеткенде, алардын биздин жан дүйнөбүздөгү орду түбөлүк бош калат, аны эч ким толтура албайт, анткени мындай адамдарды эч ким алмаштыра албайт.

Бубага келсек, түшүнүп турасыз го, жанга жакын мындай адам өтүп кеткенде... Негизинен, маал-маалы менен кездешип калчубуз, тилекке каршы, соңку убакта мен аны менен көп жолукпай калган элем, жакшыраак сакайганга чейин тынчын албайын деп телефон да чалбай жүрдүм, ушуга өкүнөм. Анын концерти жакын арага белгиленип, бирок ден соолугуна байланыштуу болбой калды. Ооба, сезим толуп-ташып турган чакта сүйлөө кыйын, оозеки айта келгенде өтө эле супсак бирдеме болуп калат – демейки эле сөздөр менен чектелип, жаңы эч нерсени эстей албайсың.

Ал эми Буба жөнүндө сөз кылганда кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү эстебей коюуга мүмкүн эмес. Азыр ушунчалык катуу толкунданып турсам да, ал тууралуу эч нерсени көңүлдөн чыгара албайм. Бир гана анын ырлары, ролдору, албетте, ар дайым биздин жана келечек муундардын дилинде болот.

Вахтанг Кикабидзе жана Нани Брегвадзе, 1985-жыл.
Вахтанг Кикабидзе жана Нани Брегвадзе, 1985-жыл.

Баса, мен анын көптөгөн ырларын жакшы көрчүмүн. Анын “Чито-Гвритосун” аябай жакшы көрчүмүн – ал аткарган эң жаркын ырлардын бири. Ажайып жөнөкөйлүк, чындыгында, кеменгерлик кээде бүт бойдон жөнөкөйлүктө болот.

Албетте, жөнөкөйдүн баары эле гениалдуу боло бербейт. Мисалы, Гиа ал үчүн ыр жазды эле, ажайып чыгары дароо эле айкын болду, анткени чыгармачылыкта бир нече мыкты адам биригип иштесе, ал сөзсүз гениалдуу иш болот.

Дагы эмнени айтсам: Бубаны эстей жүрүү керек – керек эле эмес, эстеп жүрөбүз, албетте. Бирок мен жашоомдогу акыркы мезгилди анын менен баарлашпай өткөргөнүмө катуу өкүнөм. Өмүр бою өзүмдү жемелеп өтөм го эстеген сайын. Анткени мындай адамдар биздин жашообузда сейрек кездешет, биз алар менен баарлашуунун ар бир көз ирмемдеги мүмкүнчүлүгүн баркташыбыз керек.

Буба Кикабидзе, сахнада, 2020-жыл, октябрь
Буба Кикабидзе, сахнада, 2020-жыл, октябрь

Мзия Паресишвили, "Азаттыктын" грузин кызматынын макаласы

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG