Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

"Наристени" чоңойткон Пругло


"Наристе" үн аспаптар ансамбли 1971-жылы түзүлгөн.
"Наристе" үн аспаптар ансамбли 1971-жылы түзүлгөн.

Совет мезгилинде атагы таш жарган алгачкы эстрадалык ансамблдердин бири -"Наристенин" негиздөөчүсү Владимир Пругло жыйырма жылдан бери Германияда жашайт. Ал "Азаттыкка" "Наристе" үн аспаптар ансамбли тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Жетимишинчи жылдар. Бүткүл Союз боюнча үн аспаптар ансамблдери түзүлүп, советтик эстраданын кулачы кеңири жайылган учур. Бардык ишканалар, завод-фабрика жана окуу жайлар өз ансамблин түзүп, ырга-күүгө шыктуу жаштардын таланты ачылып турган.

Нарын облусунун Миң-Куш шаарчасындагы Тоо-кен комбинатында ыр-күүгө шыктуу жаштардын тобу түзүлөт. Комбинаттын жетекчилиги бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, ансамблди түзүү үчүн Фрунзеден (азыркы Бишкек шаары) профессионал музыкант Владимир Пруглону чакырат.

Тоо койнунда эстрадалык ансамблди түзүү машакаты тууралуу учурда Германияда жашаган журтташыбыз Владимир Пругло минтип эскерди:

- Ансамбль 1971-жылы негизделген. Мен ал кезде Фрунзедеги Филармонияда иштечүмүн. Анан эле Миң-Куштагы тоо-кен комбинатынын алдындагы "Оргтехника" заводуна чакырышып, ал жакта улуттук, заманбап кыргыз ырларын аткарган топ түзүүнү сунуш кылышты. Бардык жабдыктарды алып берүүгө, шарт түзүүгө убада беришти. Мен музыканттар тобун алып, ал жакка жөнөдүм. Миң-Куштагы жумушчулардын арасынан таланттууларды издеп, алгач алты кишиден турган топ түздүм. Аларга музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөттүм. Ошентип, ишти баштадык. 1971-жылы Фрунзеге келип, биринчи жолу телеге тартылдык. Бир жылдан кийин Москвада Бүткүл союздук көргөзмө борборунда (ВДНХ) өткөн концертке Кыргызстандын атынан барып катыштык. Андан кийин Фрунзеге Лениндин туулган күнүнө карата уюштурулган концертке чакыруу алып, Опера жана балет театрынын сахнасында өнөрүбүздү тартууладык. Бара-бара күйөрмандарыбыздын катары калыңдап, элге тааныла баштадык.

Владимир Пругло “Наристенин” биринчи курамында Азык Төлөгөнов, учурда белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, Кыргыз эл артисти, маркум Шамшыбек Өтөбаев сыяктуу өнөрпоздор болгонун эскерет.
Владимир Пругло “Наристенин” биринчи курамында Азык Төлөгөнов, учурда белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, Кыргыз эл артисти, маркум Шамшыбек Өтөбаев сыяктуу өнөрпоздор болгонун эскерет.

​Музыкалык ансамблди Миң-Куштагы заводдун жетекчилиги толук камкордукка алып, музыкалык аспаптардан, концерттик кийим-кечеден кем кылган эмес. Топтун курамында ырдагандардын ысымы эл арасында тааныла баштаган. Кийинчерээк алардын арасында маданиятка эбегейсиз салым кошкон ишмерлер чыккан.

Владимир Пругло “Наристенин” биринчи курамында Азык Төлөгөнов, белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, Кыргыз эл артисти, маркум Шамшыбек Өтөбаев сыяктуу өнөрпоздор болгонун эскерет.

Кийинчерээк топко Кыргыз эл артисти Сайра Чоткараева кошулган. Атактуу актриса Айтурган Темирова 80-жылдардын башында ушул топтун курамында ырдаганын көпчүлүк биле бербейт. Таанымал ырчы Шахрезада Аскарова да “Наристенин” бир кездеги солисти болгон.

- 1977-жылы Биринчи бүткүл союздук фестивалга катышып, алтын медаль жеңдик. Көп өтпөй “Наристени” профессионалдык музыкалык ансамбль катары Филармонияга иштөөгө чакырышты. Ошондон кийин бир нече жолу Кыргызстандын атынан сынактарга, кароо-фестивалдарга катыштык. Орто Азияны, СССРди кыдырдык. Украинанын, Молдованын бир топ шаарларында концерттерди койдук. 1983-жылы Вьетнамга жана Лаоско бардык. Ал жакта бир айдай жүрдүк. Биз менен кошо Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Сапаралиев да бар эле. Андан кийин Германия Демократиялык Республикасында концерт бердик. 1984-жылы мен үй-бүлөлүк маселелериме байланыштуу ансамблдан кетүүгө аргасыз болдум. Ошентип жалпысынан бул топто 1971-жылдан 1984-жылга чейин он үч жыл иштедим. Андан соң Аламүдүн райондук маданият үйүн жетектедим, - деп эскерет Пругло.

"Наристе" ансамбли Вьетнамда. 1983-жыл.
"Наристе" ансамбли Вьетнамда. 1983-жыл.

Владимир “Наристеде” иштеген жылдарын абдан сагынарын кошумчалады. Ал ансамбл аткарган ар бир ырды шөкөттөп, көркөмдүк деңгээлине көз салган.

“Ар бир чыгарманы жүрөгүм менен кабыл алып, өзүмдүн чүрпөм катары көрөм”, - дейт “Наристенин” негиздөөчүсү.

Ансамбл актарган алгачкы чыгармалардын бири - “Таң Чолпонум” аттуу элге кеңири тараган ыр болгон. Аны бир кезде Асанбек Жумакадыров аттуу солист аткарган.

Владимир Пругло уулу менен.
Владимир Пругло уулу менен.

- Кыргызстандын кайсы аймагына барбайлы, жакшы тосуп алышчу. Жайында Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кыдырып концерт койчубуз. Филармония койгон планды 200 пайызга аткарчубуз деп айта алам. Ал кезде кварталына 48 концерт коюу милдет болчу. Ошол кездерди абдан сагынам. Ар бир ырды өзүм тандап, шөкөттөйт элем. Топтун алгачкы ырларынын бири “Аппагымды” абдан жакшы көрчүмүн. Тилекке каршы, ал эч жерде сакталбай, ырдалбай калды.

Владимир Пругло 20 жылдан бери Германияда жашайт.
Владимир Пругло 20 жылдан бери Германияда жашайт.

“Жамгыр” деген чыгарманы 1979-жылы биринчи жолу Сайра Чоткараева аткарган. Анын да обонун ушул күнгө чейин сүйүп угам. Бир жолу Ошко барып, ал жактын музыканттары менен таанышып, бир топ музыкалык аспаптарды алып келдим. Албетте, ал кезде нукура кыргызча ырлардын эстрада стилине салып ырдаган алгачкы жамааттардын бири болгону үчүн “Наристе” элге тез сиңди. Репертуары жакшы болчу. Алардын обондорунун баарын шөкөттөп чыгыш биздин иш эле. 2022-жылы “Наристенин” түзүлгөнүнө 50 жыл толот экен. Ошондо бир нерсе өткөрсөкпү деген сунуштар түшүп жатат. Мен топтун ар кайсы убактардагы айрым катышуучулары менен Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу байланышып турам. Кээ бирлери арабыздан өтүп кетти. Эми көрөбүз го, кандай болот, - деген Пругло учурда Германиянын Хале шаарында жашайт.

Ал Кыргызстандан үй-бүлөсү менен 20 жыл мурун көчүп кеткен. Четте да чыгармачылыгын таштаган эмес. Германияда ар кыл улут өкүлдөрүнөн турган топ түзгөн. Бул топ менен Европанын шаарларын кыдырып, концерт да коюшат. Бирок алыскы аймакта эстралык кыймылдын көч башы болгон “Наристе” Владимир Пруглонун чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG