Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Айтурган Темирова: Вера экөөбүздү "Снайперлер" тасмасы достоштурган


Айтурган Темирова менен Вера Глаголева.
Айтурган Темирова менен Вера Глаголева.

Орусиянын эл артисти, белгилүү кино өнөрпозу Вера Глаголева 16-августта көз жумду. Ал Германиядагы ооруканада онкологиялык илдеттен каза тапканы кабарланууда. Кыргыз эл артисти, актриса Айтурган Темирова “Азаттыкка” курган маегинде курбусу, маркум Глаголеваны эскерди.

Орусия Федерациясынын эл артисти (2011) Вера Витальевна Глаголева 1956-жылы 31-январда Орусиянын борбору Маскөө шаарында туулган. Үстүбүздөгү жылы 16-августта ал Германиянын Баден-Баден жергесинде Шварцвальд-Бар ооруканасында оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Вера Глаголева
Вера Глаголева

Вера Глаголева айым 1985-жылы кыргыз режиссёру, Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев тарткан "Снайперлер" көркөм тасмасында кыргыз кино өнөрпозу, Кыргызстандын эл артисти Айтурган Темирова менен бирге снайпер кыздардын ролун аткарган. Башкы каарман - казак кызы Алия Молдагулова (казакча ысымы - Әлия Нұрмухамбетқызы Молдағұлова; 25.10.1925—14.1.1944) өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Анын ролун кыргыз кино жылдызы Айтурган Темирова аткарган.

Глаголева айымдын режиссёрдугу астында 2010-жылы тартылган "Бир согуш" (Одна война") тасмасы эл аралык кино фестивалдарда 30дай сыйлыкка ээ болгон. Бул тасмада германдык нацисттердин баскынчылыгы маалында душмандан боюна бүтүп калган аялдардын азаптуу тагдыры чагылдырылган.

* * * * * * *

Айтурган Темирова: Мен үчүн Веранын жарык дүйнө менен коштошкону күтүүсүз болду, албетте, укканда нес болуп калдым. Жакында эле интернет аркылуу кат жазышып, ал мага Италияда эс алып жаткан жеринен сүрөттөрүн жөнөттү эле. Сүрөттө татынакай, бактылуу көрүнгөн.

Эки ай мурда мен сайттардын биринен “Глаголева рак илдети менен ооруп калды” дегенди окуп, чочуп кеттим. Дароо эле биздин досубуз Марина Яковлевага жаздым. Ал азыр чын-төгүнүн билип берем деген. Эртеси күнү “кабатырланба, жөн гана ушак” дегенинен сүйүнүп, өмүрү узун болот экен деп жоруп койгом.

"Азаттык": Вера Глаголева менен акыркы ирет качан, кайдан көрүштүңүз эле?

Айтурган Темирова: Акыркы жолу Вераны 2016-жылдын башында анын 60 жылдык юбилейинде көргөм. Бул мааракеге арналган телеберүүгө Орусиянын Биринчи каналы мени да чакырган.

“Бүгүн кечинде” деген берүүдө экөөбүз “Снайперлер” тасмасына тартылган күндөрүбүздү чогуу эстегенбиз. Тартылып бүткөн соң да ал-жай сурашып, сүйлөшүп отурдук. Саламаттыгы тууралуу кеп козгогон эмес. Менимче, ал өзүнүн оорусу тууралуу билген эмес. Азырынча жакындары менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Балким Марина менен байланышып калсам, эмне болгонун билем го.

Айтурган Темирова.
Айтурган Темирова.

"Азаттык": "Снайперлер" тасмасында Вера Глаголева жана Марина Яковлева менен бирге тартылып, достугуңар ошондо башталганы белгилүү. Бул тасмага түшөр алдында үчөөңүздөр тең кадимкидей аскерий даярдыктан өткөнүңүздөр айтылып келет.

Айтурган Темирова: Ооба, чындыгында ошондой. Вера Глаголева менен “Снайперлер” тасмасына тартылуунун алдында таанышканбыз. Фильмди тартуу жүрүмү Беларуста алты айлык убакытта өттү. Алты ай чогуу болуп, жакындан достоштук.

Үчөөбүздү аскерий даярдыктан өткөрүп, тапанчадан атканды, граната ыргытканды, 35 килограмм салмактагы оор кийим менен чуркаганды үйрөтүшкөн.

Тасма тартуу учурунда күтүүсүз окуялар абдан көп болду. Тасманын башында кыздар көлдө жуунуп атышканда, фашисттердин учактары үстүдөн аткылай баштайт эмеспи, ошондо Глаголеванын каарманы Роза өзүн жоготуп, ары-бери чуркай баштайт. Ал эми менин каарманым, казак кызы Алия (Алия Молдагулова) аны токтотууга аракет кылып чуркап келатканда, душмандын учагы кулап түшөт. Албетте, тартуучу топ даярдалган жардыруучу заттардын баарын жардырышты. Биз Вера экөөбүз жерге куладык.

Ошол бойдон режиссёр “Токтот (Стоп)! Тартылды!” деп айтмайынча ордубуздан турбашыбыз керек болчу.

Бир убакта таманым ысып-күйүп баштады.

“Вера, сенин таманың күйгөн жокпу?” деп сурасам, ал да “күйүп атат” деди. Акыры чыдабай калдык, бакырган бойдон туруп карасак - тамандарыбыз күйүп калыптыр. Экөөбүз аябай ыйлаганыбыз эсимде.

Айтурган Темирова, Марина Яковлева жана Вера Глаголева. "Снайперлер" тасмасы. 1985.
Айтурган Темирова, Марина Яковлева жана Вера Глаголева. "Снайперлер" тасмасы. 1985.

"Азаттык": Глаголева айым бир эле актриса гана эмес, режиссёр катары да таанылып калууга үлгүрдү. Ал тарткан, тартылган кинолордун кайсынысы көңүлүңүзгө жакын?

Айтурган Темирова: Актриса катары ал биринчи күйөөсү, режиссёр Родион Нахапетовдун тасмаларында аткарган алгачкы ролдорунда эле ачылган. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот эмеспи, ошондуктан ал мыкты режиссёр катары да өзүн көрсөтө алды.

Анын “Бир согуш”, “Эки аял” деген эмгектерин абдан баалайм. Өзү да адамкерчиликтүү, боорукер адам эле. Бардыгын бетке айтчу. Мен ушундай сапаттарынан улам аны абдан жакшы көрчүмүн.

Экөөбүз болгону бир эле фильмге чогуу тартылганыбызга карабай, жакшы курбулардан болуп калууга үлгүрдүк. Веранын дүйнөдөн эрте өтүп кетиши - биз үчүн, жалпы орус, КМШ кинематографиясы үчүн чоң жоготуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG