Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

КӨРҮНҮКТҮҮ КИНОАКТРИСА АЙТУРГАН ТЕМИРОВАНЫН ЫРЧЫЛЫК ТАЛАНТЫ АЧЫЛДЫ


“Ак кеме”, “Ысык-көлдүн кызгалдактары”, “Бөрү зындан” жана башка көптөгөн кыргыз фильмдеринде образ жаратып, таланты менен таанымал болгон киноактриса Айтурган Темирова эми ырдай баштады. Ал алгач Чехиянын Брно шааарында өткөн концерттердин биринде жергиликтүү бир музыкалык ансамблдин жетекчисинин суранычы менен ырдап чыккан, мына ошондон тарта ыр дүйнөсүнө аралаша баштаган. Мына ошол концерттен кийин жергиликтүү үналгылардан Айтурган Темированын ырлары уктурула баштайт. Ошентип жолдошунун, курбуларынын сунушу менен, жана өзүнүн кызыгуусу артып, ырдаганга катуу киришип, Бишкекке келип белгилүү кыргыз композиторлору менен иштешет.

«Биринчи таанышкан композитор Камчыбек Букалаев болду. Мен ага фольклорго жакыныраак, улуттук аспаптардын коштоосунда ыр жазып берүүсүн сурандым. Ошентип эки жума ыр тандап, жаздырып, аны менен катар үнүмдүн үстүндө да иштеп, он бир композиция жараттык. Фильмге алгач тартылганда менде мынчалык толкундануу болгон жок эле, эми азыр эл кандай кабыл алат деген кызыгуулар болуп жатат”,- дейт Айтурган Темирова.

Ошентип, кыргыз композиторлорунун көмөгү менен Чехиядан улуттук аспап тардын коштоосунда жазылган алгачкы “Аруузат” аттуу компакт дискин чыгарат. Айтурган айымдын айтымында эки жарым миң нускада чыккан бул дисктерди алгач Европа өлкөлөрүнө гана сатууну максат кылышкан, бирок диск чыккандан кийин кыргыз элине чыгармачылык кече өткөрүү идеясы келип, анын кырк пайызын Кыргызстанга алып келген. Эми август айында киноактриса театрлаштырылган концерт өткөрүүнү ниет кылууда. Андан соң ушул эле программасы менен Кыргызстандын дубандарын кыдырмакчы.

Кинолор аз тартылып калды, андыктан ыр менен болсо да чыгармачылыгымды улантайын деп ыр жаздыруу менен алектенип жүргөндө Айтурган Темирова Чехиядагы белгилүү кинорежисер Милан Сесслер менен таанышып калып, анын кинолоруна тартылууга келишим түзөт. Мына ошол келишимдин негизинде киноактриса сентябрь айынан тарта аталган режисердун “Жомок” тасмасында роль ойномокчу. Ошону менен бирге
Чехиядагы музыкалык театрлардын биринде спектаклдерде образ жаратып, өзүн сынамакчы. Ал эми кыргыз режисерлору киного тартылууну сунуш кылса кайсыл жакта болбоюн сөзсүз келерин белгилейт.

“Туулган жердин кадыры алыста билинет дегендей, Чехияда жүргөндө эл-жериме болгон сагынычым күчөп атайын суранып, композитор Камчыбек Букалаевге “Ата Журт” аттуу ырымды жаздырдым. Ал эми бул композициямды Европанын көпчүлүк угармандары жакшы кабыл алды, эми ушул жана башка айрым ырларымды англис тилине которуп ырдасам деген тилегим бар”,- дейт Айтурган Темирова.
XS
SM
MD
LG