Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Лос-Анжелестеги ок атууда 10 кишинин өмүрү кыйылды


Лос-Анжелестин четинде жайгашкан Монтерей-Парк шаары, Калифорния штаты.
Лос-Анжелестин четинде жайгашкан Монтерей-Парк шаары, Калифорния штаты.

АКШнын Калифорния штатынын Монтерей-Парт шаарында ишембиден жекшембиге караган түнү белгисиз бирөө ок аткан. Ал убакта көчөдө көптөгөн адамдар кытай календары боюнча Жаңы жылды майрамдап жаткан. Полициянын маалыматына ылайык кеминде 10 киши каза таап, дагы ондогону жарадар болгон.

Азырынча ок аткан киши тууралуу маалымат жок жана анын аракетинин себеби белгисиз.

Монтерей-Парк Лос-Анжелестин четинде жайгашкан шаар. Анын калкынын 65 пайызын Кытайдан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер түзөт. Кытайдын Жаңы жылын майрамдоо үчүн бул жерге миңдеген киши чогулган. Майрамдын негизги бөлүгү салют аттыруу менен коштолгондуктан октун добушун дароо айырмалап билүү мүмкүн болбой калган.

Учурда жарадар болгондордун так саны такталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG