Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Мамлекеттик Думанын төрагасы Батышты өзөктүк курал менен коркутту


Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 22-январда өзүнүн Telegram каналына Батыш өлкөлөрүн "глобалдык апаат" жана "кыйратуу" менен коркуткан билдирүү жарыялады. Анын билдирүүсүнөн Орусия өзөктүк курал колдонушу ыктымал экендигин түшүнсө болот. Мындай коркутууга Украинага Батыштан келген курал-жарактын көлөмүнүн көбөйүшү себеп болду.

Володин АКШ жана Европа өлкөлөрү Украинаны колдоп жаткандыктан, өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын айткан Орусиянын үчүнчү мамлекеттик ишмери болду. Буга чейин Дмитрий Медведев жана Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов дал ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү жасашкан эле.

"Эгер Вашингтон жана НАТОго мүчө өлкөлөр тынч жаткан шаарларга сокку урчу курал-жарак берип, биздин аймактарды басып алууга аракеттенсе, буга жооп катары андан да күчтүү курал колдонуу чарасы көрүлөт. Вашингтон жана Брюссел өз чечимдери менен дүйнөнү болуп көрбөгөндөй согушка жетелеп баратат: Бүгүнкүдөн таптакыр айырмаланган согуш болчудай", - деп жазды Вячеслав Володин.

Кремлге жакын адамдар "аймактык бүтүндүккө коркунуч" деп 2014 жана 2022-жылдары орусиялык армия басып алган Украинага караштуу аймактарды айтууда. Орусия бул аймактарды өз курамына кошуу боюнча референдум өткөргөн. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү референдум жыйынтыгын тааныган эмес жана аталган аймактарды Украинага караштуу деп эсептейт.

Орус президенти Владимир Путин жакында эле Орусиянын өзөктүк доктринасы жөнүндө сөз кылып жатып, аны биринчи колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруудан баш тарткан.

“Эгер Орусия өзөктүк куралды биринчи болуп колдонбосо, анда экинчи болуп деле колдонбойт”, - деген Путин өзөктүк куралды алдын ала колдонуу аны жооп катары колдонуудан алда канча натыйжалуу болорун кыйыткан.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Орусияны расмий жана бейрасмий түрдө Украинага каршы өзөктүк курал колдонбоого чакырып келишкен. Бирок Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө караганда Москва кыйратуучу куралды Украинага гана эмес, Батыш өлкөлөрүнө да каршы колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн билдирүүлөрүндө өзөктүк согушка жеткирбөө керектигин утур-утур баса белгилеп келет.

Буга чейин АКШ жана алардын өнөктөштөрү Украинага чопкутталган техника, артиллерия жана башка курал-жарак жеткирүү тууралуу макулдашкан. Бирок анда аскер авиациясы, алыскы аралыкка учуучу ракеталар жана танктар жөнүндө сөз болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG