Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Орусияда Telegram мессенжери “чет элдик агент” деп табылды


Telegram чаты.
Telegram чаты.

Орусиянын “Роскомнадзор” көзөмөл мекемеси Telegram мессенжерин “чет элдик агент” деп таанып, 1-марттан тарта андан банктык кызматтарды ишке ашырууга тыюу салды. Кайрымдуулук жана Telegram аркылуу каналдарга акы төлөп жазылуу да токтойт. Бул тууралуу “Коммерсант” басылмасы жазды.

Орусиялык банктар санкциялардан улам App Store жана Google Play тиркемелерин колдоно алышпайт. Банктык төлөмдөр санкциялар күчүнө киргенден бери Telegram аркылуу жүргүзүлүп келген.

Telegram азырынча бул маалымат тууралуу комментарий бере элек.

Telegram мессенжерин 2013-жылы орусиялык Павел Дуров иштеп чыккан, платформа Виргин аралдарында жана Бириккен Араб Эмирликтеринде каттоого алынган. Дуров ушул тапта БАЭде жашайт. Мессенжердин серверлери жабык коддорду колдонот, АКШ, Нидерланд жана Сингапурда иштейт.

2018-жылдын апрель айынан 2020-жылдын июнь айына чейин “Роскомнадзор” соттун чечими менен Орусияда Telegram мессенжерин Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) каттарды окуй турган кодду бербегени үчүн тыюуга аракет кылган.

Бирок, 2020-жылы июнь айында бардык чектөөлөр орусиялыктардын маалымат алмашуусундагы маанилүү платформа деп таанылып, алынып салынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG