Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Иранда Британия менен байланышы бар жети киши кармалды


Өкмөткө каршы акция. Тегеран, 25-декабрь 2022-жыл
Өкмөткө каршы акция. Тегеран, 25-декабрь 2022-жыл

Ирандын Революция Сакчылар корпусу Британия менен байланышта турган жети кишини, арасында кош жарандыгы барларды кармаганын билдирди. Аларга өкмөткө каршы акцияларды уюштуруу айыбы тагылууда.

Сакчылар корпусу 25-декабрдагы билдирүүсүндө кармалгандар “Британиянын түздөн түз көрсөтмөсү менен” Ирандын ичинде жана сыртында топ түзүп, “системаны төңкөрүүгө” багытталган иш жүргүзгөн деп айтылат.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги британ-иран жарандыгы бар адамдардын кармалышына байланыштуу кошумча маалымат алууга аракеттенип жатканын билдирди.

Иранда сентбярда башталган нааразылык акциялар 1979-жылкы Ислам революциясынан берки ири демонстрациялар деп мүнөздөлөт. Элдик толкундоого 22 жаштагы студент Махса Амининин хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалып, абакта көз жумганы түрткү берген. Демонстрацияларда социалдык, экономикалык жана саясий талаптар жаңырууда.

Расмий Тегеран акцияларды Батыш уюштурган кутум катары сүрөттөп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG