Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Киев Щербакованы мыкты спортчу наамына талапкерлердин тизмесинен чыгарууну талап кылды


Анна Щербакова
Анна Щербакова

Украинанын көркөм муз тебүү боюнча федерациясы орусиялык спортчу Анна Щербакованы «Жылдын эң баалуу спортчусу» наамына талапкерлердин катарынан чыгарууну талап кылды. Коньки тебүүчүлөрдүн эл аралык биримдиги сыйлыкты жыл сайын тапшырат.

Олимпиада чемпиону Щербакова тизмеде камтылган жападан жалгыз орусиялык талапкер. Андан тышкары жапониялык Каори Сакамото, Юма Кагияма, Шома Уно жана Рику Миура менен Рюити Кихара, Олимпиаданын жеңүүчүлөрү, америкалык Нейтан Чен, кытайлык жуп Суй Вэньцзин менен Хань Цун жана франциялык дуэт Габриэла Пападакис менен Гийом Сизерон бар.

18 жаштагы Щербакова дүйнө чемпиону, Европа биринчилигинин эки жолку күмүш медалынын ээси. Спортчу түрдүү шоулорго, анын ичинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун жубайы Татьяна Навканын спектаклдерине катышып жүрөт.

Орусия Украинага басып киргенден кийин быйыл мартта Коньки тебүүчүлөрдүн эл аралык биримдиги орусиялык спортчуларды дүйнөлүк мелдештерден четтеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG