Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Баткенде кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-декабрда Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жолугушту.

Тараптардын сүйлөшүүсү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Борбордук конушунда өтүп, кыргыз-тажик чек арасындагы абал, өз ара кызматташуу маселеси талкууланганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Жолугушууда 2023-жылы биргелешкен комиссиянын ишин улантуу, эки өлкөнүн жарандарынын мүлкүн кайтарууну тездетүү, чек арадагы абалды курчуткан чагымчыл аракеттерге жол бербөө аракетин көрүү чечими кабыл алынды. Ага Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери да катышты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин күнөөлөгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG