Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Кемпир-Абад иши: Шеримкулов аялдарды үй камагына чыгарууну суранды


Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

Легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды үй камагына чыгарууну бийликтен суранды. Бул тууралуу ал 26-декабрда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

"Жаңы жылдын алдында турабыз. Ар түркүн сөз айткандарга, ар кандай ойдо жүргөндөргө туура мамиле кылуу керек. Агабыздын, атабыздын мааракесин өткөрүп жатканда бийлик башындагыларга бир кайрылайын. Жок дегенде аялдарды үй камагына чыгарып койгула, алар эч жакка качпайт", - деди Шеримкулов.

Буга чейин Кыргызстандагы коомдук-саясий ишмер, активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган аялдарды бошотуу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда Кыргызстандын өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына аялдардын кошкон салымы чоң экени белгиленген.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 20дан ашык активист, саясатчынын алтоо аялдар. Алардын 14ү саясий ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албаганына он күндөн ашты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG