Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Сеул Түндүк Кореянын дрондору чек араны бузуп өткөнүн билдирди


Түндүк Корея учурган баллистикалык ракета. 23-декабрь, 2022-жыл
Түндүк Корея учурган баллистикалык ракета. 23-декабрь, 2022-жыл

Сеул Түндүк Кореянын бир нече дрону эки өлкөнү бөлгөн демаркациялык сызыкты бузуп өткөнүн билдирди.

"Рёнхап" агенттиги маалымдагандай, учкучсуз учактар чек арага жакын чөлкөмдө жана башкалаадан алыс эмес жерде байкалган. Бардыгы болуп Түштүк Кореянын аймагына беш дрон учуп кирген. Алардын аскердик коркунуч жаратып-жаратпаганы белгисиз.

Түштүк Кореянын аскерлери чек араны бузууга жооп иретинде авиациясын асманга көтөрдү. Учактардын бири белгисиз себептерден кулап түшкөндө эки учкуч тең секирип үлгүргөн.

Окуядан улам Кимпхо жана Инчхон эл аралык аэропортторунда учуулар убактылуу токтотулду.

Буга чейин АКШ, Жапония жана Түштүк Корея Пхеньянга санкция салган. Анын алдында ноябрда Түндүк Корея Америкага чейин жетүүгө кудуреттүү континеттер аралык ракетасын сынаган. Коммунисттик Кореянын башчысы Ким Чен Ын өлкө эң ири өзөктүк державага айланарын айткан.

БУУ Пхеньянга баллистикалык ракеталарды сыноого тыюу салганына карабай, быйыл эле 60тан көп сыноо өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG