Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кемпир-Абад иши: Шаардык сот дагы төрт кишини абакта калтырды


Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Мамбетжунус Абылов. 2022-жылдын 26-декабры. Коллаж сүрөт.
Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Мамбетжунус Абылов. 2022-жылдын 26-декабры. Коллаж сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы төртөө бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калтырылды. Алар - Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.

Шаардык сот аларды үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн четке какты. Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин ушул эле сотто Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун, Атай Бейшенбектин, Чыңгыз Капаровдун жана Марат Баязовдун бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калган.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Алар - Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Эрлан Бекчоро, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Камактагылардын көбү каршылык иретинде ачкачылык кармап жатышат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпатташууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG