Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Тажикстан жана Казакстанда орус валютасы арзандады


Тажикстан жана Казакстанда орус валютасынын куну түштү. Адистер эки өлкөнүн тең экономикасы Орусияга байланганын белгилешет.

Бир нече апта мурун миң рубль 158 сомониден сатылса, өткөн жумада 141 сомони болду. Дүйшөмбү күнү курс бир аз көтөрүлүп, 148ге жетти.

Казакстанда орус рубли көпкө чейин 9 теңгенин айланасында болуп туруп, өткөн аптада 6 теңге 4 тыйынга арзандады. Бүгүнкү курс 6,7 деп көрсөтүлүүдө.

Тажикстандыктар орус акчасынын күчтүү болушун каалашат. Анткени миграцияда жүргөн жакындары тапканын үйлөрүнө рубль менен салышат. Рубль арзандаса, алардын акчасы да азаят.

Казакстанда орус валютасынын курсу төмөндөгөнү жергиликтүү экономикага жардам берип, Орусиядан экспорттолгон товарлар арзандашы мүмкүн деп эсептешет.

Улуттук валюта Орусиянын өзүндө да төмөндөп жатат. Эксперттер муну мунай экспортунун кыскарышы жана санкциялар менен түшүндүрөт. Жаңы санкцияларды эске алганда, орус рубли алдыдагы айларда да наркын жоготушу ыктымал.

Москва Украинага согуш ачканда Батыш Орусиянын экономикасын бутага алган бир нече санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG