Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

"Акундун" жетекчилиги пансионаттын жери мыйзамдуу сатып алынганын билдирди


"Акун" пансионатынын сүрөтү. УКМК жиберген сүрөт.
"Акун" пансионатынын сүрөтү. УКМК жиберген сүрөт.

"Акун" пансионатынын жетекчилиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жер тилкесине байланышкан чечими тууралуу билдирүү жасады.

24-декабрда атайын кызмат "Акун" пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

"Акун" Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова Фейсбуктагы баракчасына пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынган деп жазды.

"Сатыкка 32 пансионат коюлган, анын ичинде "Чынар" пансионаты дагы бар эле. 1999-жылы тендерге (аукционго) катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат. Башкача айтканда, пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз".

Ал пансионатты алып-сатуунун мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар экенин, кабыл алуу актысында тротуар, жолдор, спорт аянтчалары, канализация жана суу түтүктөрү да өткөрүлүп берилгени жазылганын билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы "Акун" пансионатына Кара-Ой айылындагы жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган. Анын натыйжасында Мамлекеттик каттоо органы жеке менчик укугуна мамлекеттик акты мыйзамсыз берген.

Ысык-Көл районунун аймагында 111 пансионат, төрт санаторий, 364 чакан мейманкана, сегиз эс алуу борбору жана 11 балдар лагери жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG