Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Бишкек абасы булганган шаарлардын тизмесинде сап башына чыкты


Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 25-декабрга карата индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Пакистандын Лахор шаары, Түндүк Македониянын Скопье, Бангладештин Дакка, Индиянын Дели шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Азыр шаардын борборунда абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 230га жакындады. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Ар кайсы райондордо индекс ар кандай. Азыр көрсөткүч Чүйдүн Токмок шаарында 204, шаардын четиндеги Лебединовка айылында 183, Ош шаарында 175 деп турат.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Президент Садыр Жапаров борбор калаанын үстүн каптаган ышты азайтууга эл өзү жардам бериши керектигин "Кабар" агенттигине 17-декабрда курган маегинде билдирген.

Мамлекет башчы тик учак менен шаардын үстүнөн айланып учуп кыдырганын, ыш Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыгып жатат деген дооматтарга кошулбай турганын айткан.

Финляндиянын метеорологиялык институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы көмүр түтүнү экени көрсөтүлгөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG