Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Президент Жапаров Баткенде "Достук" чек ара тозотунун абалы менен таанышты


Садыр Жапаров Баткен районундагы "Достук" чек ара тозотуна барды. 25-декабрь, 2022
Садыр Жапаров Баткен районундагы "Достук" чек ара тозотуна барды. 25-декабрь, 2022

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы эки күндүк иш сапарынын алкагында "Достук" чек ара тозотуна барды. Мамлекет башчы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын белгиледи.

“Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди”, - деп жазылган маалыматта.

Иш сапардын алкагында Жапаров Баткен районунун Кара-Бак айылынын жашоочулары менен жолугушту. Мамлекет башчы аймакты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.

Президент Кара-Бак айылындагы жолдун бир бөлүгүнө жана ички көчөлөрдүн тротуарларына таш төшөө боюнча пилоттук долбоордун жүрүшү менен таанышты. Анда план боюнча үч чакырым жолго эксперименталдык түрдө таш төшөлөрү боюнча маалымат берилди. Учурда 100 метр таш брусчатка төшөлгөн.

Президент Баткенге 24-декабрда барган. Ишемби күнү сентябрдагы чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн курулушу менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Анын чек арадагы Ак-Сай, Капчыгай айылдарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев коштоп жүрдү.

2021-жылы апрелдеги чек арадагы кагылышта "Достук" чек ара тозотунун имараты талкаланып кайра оңдолгон. Быйыл сентябрдагы кагылышууда талкаланып, өрттөлүп кеткен тозот кайра салынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG