Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Алдыңкы спорт федерацияларына колдоо иретинде 4 млн. сом берилди


Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов күрөш, бокс, кайык спорту жана оор атлетика федерацияларынын өкүлдөрү менен. 21-декабрь, 2022-жыл. Бишкек.
Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов күрөш, бокс, кайык спорту жана оор атлетика федерацияларынын өкүлдөрү менен. 21-декабрь, 2022-жыл. Бишкек.

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети (УОК) өнөктөштөрү менен бирге алдыңкы спорт федерацияларына 4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, колдоо максатында Кыргызстандын күрөш федерациясына 2 миллион сом, Бокс федерациясына 1 миллион сом, Кайык спорту жана оор атлетика федерацияларына 500 миң сомдон берилди.

"Биздин өнөктөштөр "Альянс Алтын" жана "Бакай Банк" менен биргеликте акчалай сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырып жатабыз. Бул каражаттын 50% федерациялардын ишмердигин жакшыртууга, калган 50% аймактардагы спорттук залдарга шаймандарды алууга бөлүндү", - деди Сарбагышев.

Спорттук федерацияларга акчалай сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшыруу иш-чарасы Бишкекте өттү. Сертификаттарды Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов тапшырды.

Маалымат жыйында айтылгандай, 2022-жылы Улуттук олимпиада комитети тарабынан спорттун 14 түрү боюнча 20 долбоор ишке ашырылды. 2024-жылы Парижде боло турган Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан стипендия берилип жатканы белгилүү болду.

Жыйында кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Кыргызстандагы олимпиадалык кыймылга колдоо көрсөткөндүгү үчүн спорт журналисттерине, "Азаттыктын" фотокабарчысы Гүлжан Турдубаевге да ыраазычылык баракчалары тапшырылды. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG