Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

УКМК Кочкордо кармалган үч милиция кызматкерин кое берди


Кочкор айылы.
Кочкор айылы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган беш милиционердин үчөө бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Жумабеков билдирди.

“Бул ишти УКМК карап жатат. Азырынча, бизге эч кандай маалымат бере элек. Кечээ беш милиция кызматкерин алып кеткен. Үчөөнү кое беришти. Алар аймактык тескөө бөлүмүнүн жетекчиси, тергөөчү жана участкалык милиция кызматкери. Ал эми Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси менен дагы бир милиция кызматкери кармалып турат. Алар кайсы жерде экени бизге айтыла жок”.

Жумабеков буга чейин Кочкордогу милиция кызматкерлерине каршы арыз-даттануулар болбогонун кошумчалады.

24-декабрда УКМК Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы баштаган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери шектелип жаткан иш быйыл 7-ноябрда болгон. Ал кезде "кылмыштуу топтун сөз болгон мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирине барып, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылганы, эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалганы айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, "милиция берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөрүн улантып келген". (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG