Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Ун өндүрүүчүлөр бирикмеси баа кымбатташы мүмкүн экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болууда. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айтууда.

"Министрлер кабинети бул азык-түлүктөрдүн баасын өзгөчө кырдаал режими киргенде өзү аныктап коё алчу. Ал режим бүтүп, эми бааны өзгөрткөнгө ыйгарым укугу жок болуп жатат. Баанын кымбатташы бир гана буудай менен унга эмес, май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү", - деди Жунушов.

Бул боюнча Министрлер кабинети комментарий бере элек.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.

Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

Быйыл алгачкы сегиз айдын ичинде Кыргызстанда кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG