Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Роскомнадзор "Дождь" телеканалынын жаңы сайтын бөгөттөдү


"Дождь" каналынын кызматкерлери. Архив.
"Дождь" каналынын кызматкерлери. Архив.

Роскомнадзор "Дождь" телеканалынын 16-декабрда ачылган жаңы сайтын бөгөттөдү. Мекеме сайт "тыюу салынган мазмундагы кабарларга" байланыштуу жабылганын билдирди, бирок ага кайсы органдын талабы негиз болгонун айткан жок.

"Дождь" каналы билдиргендей, сайтты 23-декабрдан тарта орусиялык колдонуучулар ача албай калышты. Каналдын веб-сайтынын мурунку дарегине Орусияда 2022-жылдын мартында Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен бөгөт коюлган эле.

Мекеменин өкүлү РБК агенттигине сайтта "Украинанын аймагындагы атайын аскердик операцияга байланыштуу ишенимсиз маалыматтар такай жарыяланганын" - айткан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин, 3-мартта "Дождь" телеканалы Орусиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаган. Июлда телеканал Латвияда иштөөгө лицензия алган.

Декабрдын башында Латвиянын Улуттук Электрондук ЖМК кеңеши "Дождь" телеканалы тийиштүү мыйзамдардын бузганын айтып, "улуттук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч" деген негизде лицензияны кайтарып алган. Буга каналдын алып баруучусунун түз эфирде Украинадагы орус аскерлерине жан тарткандай билдирүүсү да негиз болгон. Кийин ал журналист телеканалдан иштен кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG