Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Депутат Осмонов насыяларды өндүрүшкө жумшоону сунуштады


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов миграция агымын азайтуу үчүн өлкөдө ишкердикке, өндүрүш тармагына колдоо болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 26-декабрдагы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Тилекке каршы, текшерүүнүн айынан чоң ишкерлердин четке чыгып кеткени катталып турат. Мигранттардын көйгөйүн азайтуунун эң жакшы жолу өндүрүштү колдоп, жумуш орундарды түзүшүбүз керек. Биз алган насыялардын, гранттардын баары жолго, социалдык объектилерди салууга, бюджетти толтурууга жумшалып жатат. Эгер ошол каражаттар өндүрүшкө салынса, кайтарымы болмок. Ошондо жумуш орду да түзүлүп, салык төлөнмөк", - деди Осмонов.

Аталган комитет бул жыйында "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорду экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Мыйзам долбоору миграция тармагындагы мыйзам базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анда "чет өлкөлөрдөгү мекендеш" түшүнүгүн кеңейтүү жана "диаспора" түшүнүгүн киргизүү сунушталып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG