Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Украина: Орусиянын Энгельс авиабазасына дрондон чабуул жасалды


Орусиянын Энгельс-2 авиабазасы. 4-декабрь, 2022-жыл
Орусиянын Энгельс-2 авиабазасы. 4-декабрь, 2022-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбүгө караган түнү Саратов облусундагы Энгельс аскердик аэропортунда жардыруулар болгонун бышыктады. Маалыматка караганда, абадан коргонуу системасы украиналык дронду атып түшүрдү. Сыныктары жерге кулап түшкөндө үч аскер "өлүмгө алып келген жараат алды".

Министрлик техникага зыян келтирилбегенин маалымдады.

Социалдык тармактарда 26-декабрда чыккан видеолордо катуу жарылуунун добушун, шаарда сиреналар жаңырып жатканын угууга болот. Аэропорттогу өрт делген сүрөттөр жарыяланды. Аскердик авиабазанын жанындагы жардыруулар тууралуу "РБК-Украина" агенттиги да кабарлады.

Baza Телеграм-каналы маалымдагандай, жарылуудан жана өрттөн үч киши набыт болду, төртөө жаракат алды.

Буга чейин Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин күч түзүмдөрү аскердик жайдагы окуя тууралуу маалыматты текшерип жатканын, жарандык инфраструктура жабыркабаганын билдирген.

5-6-декабрь күндөрү облустагы Энгельс-2 авиабазасында жана Рязандагы Дягилево базасында эки жарылуу болгон. Орусиялык аскердик учактар украин шаар-кыштактарын бомбалоо үчүн пайдаланган аэродромдордун бутага алынышын орус Коргоо министрлиги теракт деп атаган. Украинанын бийлиги окуяга тиешеси бар-жогун расмий тастыктаган жок.

XS
SM
MD
LG