Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Ниязбеков: Кочкордогу окуя боюнча облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги каралат


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери боюнча комментарий берди.

Министр бүгүн, 26-декабрда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өткөн онлайн кеңешме учурунда Кочкордогу окуяга байланыштуу Нарын облустук милиция башчыларынын да жоопкерчилиги караларын айтты.

"Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Учурда Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынды", - деген министр.

Ниязбеков мындай окуяларга жол бербөө үчүн жакын арада кадрдык ротациялоо иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады.

24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялады.

УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин биринде эсепти төлөөдөн орой баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган. Эгер айткандары аткарылбаса, имаратты өрттөп кетебиз деп коркутушкан. Натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалган.

Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге келгени менен берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Жумабеков Кочкор районунда кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген шек менен кармалган беш милиционердин үчөө бошотулганын 25-декабрда “Азаттыкка” билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG