Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Токаев аялдардын пенсия курагы боюнча мыйзамга кол койду


Чымкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт
Чымкент шаары. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев беш жыл бою аялдардын пенсияга чыгуу курагын 61 жаш деп кармоо тууралуу буйрукка кол койду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, тиешелүү мыйзам долбоорун парламенттин сенаты жактырган.

Августтун аягында кошуна өлкөнүн аймактарында аялдардын пенсия курагын төмөндөтүүнү талап кылган акциялар өткөн.

Анын катышуучулары бийликти пенсия курагын 58 жаш деп белгилөөгө, аны көтөрүүгө мораторий киргизүүгө чакырышкан.

Ошондой эле президент базалык пенсияны баскыч-баскыч менен көбөйтүүнү көздөгөн түзөтүүлөргө, социалдык камсыздоо, жаштар саясатына тиешелүү документтерге кол койду. Ага ылайык, жаштардын курагы 35 деп көтөрүлдү, бала төрөлгөндөе 1,5 жашка чыкканга чейин жөлөк берилмекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG