Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кытай Тайван тарапка ондогон учак жана кемелер тобун жөнөттү


Кытай Тайван тарапка ондогон учагын жана кемелер тобун жөнөттү. Бул тууралуу аралдын Коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, чек арага 71 учак жана жети кеме жакындады. Рейтерс агенттиги мынча көп техника буга чейин жиберилбегенин белгилейт. Тайвандын куралдуу күчтөрү авиация менен флотту чукул көтөрдү жана ракета аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди.

25-декабрда Кытайдын армиясы аралга жакын жерде машыгуу өткөргөн. Бээжиндин айтымында, иш-чара Тайван менен АКШнын чагымына жооп иретинде уюштурулган. Бир нече күн мурун Американын президенти Жо Байден коргонуу тармагынын бюджетин бекитти. 858 миллиарддын 10 миллиарды Тайванга аскердик жардам катары берилмекчи.

Бээжин аралды өз аймагы деп эсептейт жана аны кошуп алуу ниетин жашырбайт.

АКШ баш болгон Батыш Кытай Украинага кол салган Орусиянын сценарийин кайталашы ыктымал деп чочулайт. Бээжин андай ыктымалдыкты четке кагууда.

Кытай бийлиги арал менен мамиле түзүп, бирдиктүү Кытай принцибин бузуп жатат деп Вашингтонду сындап келет. Тараптардын алакасы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барып кеткенден кийин курчуган.

Вашингтон Тайвандын эгемендигин тааныбаганы менен мыйзамга ылайык аралга аскердик жардам берүүгө укуктуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG