Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Жапаров Санкт-Петербургда КМШ лидерлеринин бейформал жыйынына катышат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен барды.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышат.

Бейформал жолугушуу 26-декабрда саат 18:00дө башталат жана УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Садыр Жапаровду президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат коштоп жүрөт.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин салттуу бейформал жолугушуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Жыйында кандай маселе көтөрүлө турганын президенттин басма сөз кызматы кабарлаган жок. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG